www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошондуктан президент Жээнбеков чечкиндүү кадамга барып, элди оор абалдан алып чыгып кетиши зарыл. Бул тууралуу пикирин бүгүн, 12-октябрда Урмат Акунов NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Учурда Кыргызстанда акылдуулар өтө көбөйүп кеткендигине байланыштуу КР президенти чечкиндүү кадамга барып, күнөөлүүлөрдү орду-ордуна Атамбаевге окшотуп коюш керек. Анткени кырдаал оор. Албетте, Садыр Жапаров кыргыздын чыгаан уулу. Тилекке каршы ачуу чындыкты айтып коюшубуз керек, кошуна мамлекеттер бул киши менен чукул арада мамиле кылбайт, себеби чет өлкөлүк атактуу ММКлар Жапаровдун атына жакшы маалымат жазбай жатышат.

Ошондуктан президент Жээнбеков чечкиндүү кадамга барып, элди оор абалдан алып чыгып кетиши зарыл. Жалпыга маалым пандемия аябай күч алып келе жатат. Баса белгилеп айткым келет, пандемиянын 3-толкуну оор болот. Эми бул оор толкунда Кыргызстанга жана кыргыз элине кошуна мамлекеттер, жада калса атактуу байлар дагы, ал тургай карапайым калк бири-бирине колдоо көрсөтпөйт. Эми кыргызды бир гана Кудай сактабаса, баары бири-биринен көңүлү калып, өздөрүнүн бет кабын сыйрыды. Шайлоонун жыйынтыгына нараазы болгон эргулдарга бийлик эле керек экени айдан-ачык билинип калды. Мындан ары мамлекеттин тагдырына мыйзамдуу президент дагы, эл уулу деген Садыр Жапаров дагы каттуу ойлонбосо иш чатак, мамлекеттик казына баарыбызга дайын! Чек аралар жабык, сырткы күчтөр мамлекеттин жок болуп кетишин чыдамсыздык менен күтүүдө! Ички саясатчылардын тагдыры талкаланганы турат, өзүңөргө келгиле. Жогорку Кеңештин 5 партиясы күнөөнү мойнуна албай, деңгээлин көрсөттү. Эми 6 млн калктын тагдырын саясатты түшүнбөгөн 2 миң адам чече берсе болобу?  Кыргызстанга бардык жактан каттуу көзөмөл керек болуп калды окшойт, - деди активист Урмат Акунов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости