www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Урмат иним, каралоолор дарегине айтылып жүргөн Райым Матраимовго кандайча жолугуп калдың?

- Райым Матраимов байкеге тар чөйрөдө жолугуп калдык. Мен жөнүндө угуп, билип жүргөн экен. Жарандык активисттик иштеримен кабардар болгонуна аябай кубандым.

- А сен Райым мырзаны биринчи жолу көзмө-көз жолуктурдуңбу? Кандай адам экен?

- Ушу кезге чейин бул адам боюнча ар кандай сөздөрдү айтып келишкен. Бирок мен тааныган, мен билген Матраимов башкача адам экенине күбө болдум. Эл үчүн күйгөнү, кайрымдуу, жөнөкөй, сабырдуу, кечиримдүү, кекчил эмес, сыпаа, чечкиндүү, бирөөнү жамандабаган сапаты мени өзүнө тартып алды.

«Кудай буюрса, элибиз ушу бойдон тура бербейт, оңолот. Азыркы бийликти колдойлу, улам жаман деп эч пайда таппайбыз, болгону душманга курал, күлкү гана болобуз» дегени катуу таасир берди.

- Бай адамдардын баары эле колу ачык боло бербейт...

- Туура айтасыз, андайлар толтуpa. Райым байкеден бир башкача айкөлдүктү көрө алдым. Буга чейин колунда жокторго жардам кылып, кайрымдуулук иштерди жасап келгенин, анын ичинде момун мусулмандар үчүн бир канча мечит салып бергени мага маалым эле. Эгер чет мамлекеттен операция кыла турган болуп калса, андайларга эч бир аянбастан жардам кылчу.

- А дарегине айтылган этиятсыз, жагымсыз сөздөр боюнча эмне дейт элең?

- Аны көралбагандар, каралагысы келгендер ойлоп табышчу. Жараткан баарына тараза. Райым байкени заказ кылып жамандагандарга Кудай жеткирсин!

Булак: Азия News гезити

Последние новости