www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Бизде ар бир шайлоо жөн өтпөй калган. Эгемендик алган күндөн ушундай жаман адатты жакшы өздөштүрдүк. Өтпөй калган партия же талапкер сөзсүз түрдө бийликке нааразы болуп, анысы аз келгенсип, элди көчөгө чыгарганга үлгүрүшөт. Ал эле эмес дүрбөлөң, акыр-аягы бийлик алмашууга чейин барат. Бу жолку шайлоону бийлик “таза өткөрөбүз” дешти эле, ал да өз максатына жетпей калдыбы же?..

“Жоону сайса ким сайды, аты калда Манаска” дегендей, баягы эле президент “күнөөлүү” болуп атат. “Бийликке каршы күчтөр жазга карата даярданышып, каршылык көрсөтүшөрү болжонууда. Оппозициянын биригүүсү иш жүзүнө ашабы? Мындан ары саясый кырдаал кандай нукта өнүгүшү мүмкүн?”

-- Оппозициялык кыймыл козголуп, бул шайлоодо биригимиш болду. Бирок, оң канат, сол канат болуп, эки жээкте тургансыйт. Ошол эле учурда бийликтин жазга чейин толук үч ай убактысы бар. Өкмөт, президенттик администрация саясатты туура жүргүзүп, кымбатчылыкка, бюджеттик дефицитке, ар кандай сасый чыңалууларга жол бербей, кырдаалды туура көзөмөлгө алуусу шарт.

Эгер андай болбосо, оппозициялык кыймыл күчүнө киришине бийлик мүмкүнчүлүк ачып берип коёт. Мындан тышкары, сырткы күчтөр карап турушат. Алар оппозицияны колдойбу-колдобойбу, лидерлери тазабы-таза эмеспи (?) деген маанай жаратышууда. Бир сөз менен айтканда, сырткы күчтөр таза, конструктивдүү оппозицияны колдой турганы айдан-ачык көрүнүп калды.

Булак: Азия News гезити

Последние новости