www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анын жүрүшүндө депутат Урмат Самаев ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметовго кайрылды.
Депутат: - Табелдик куралды жоготкон адам милицияда иштегенге укугу барбы?
Каниметов: - Кандай учурда жоготконуна жараша, эгерде кылмыш иши козголсо, күнөөсү болсо иштегенге укугу жок. Ошондой эле кандай кылмыш жообуна тартылганына жараша, эгерде шалаакылык, табелдик куралды жоготуу менен кылмыш жообуна тартылса, укугу жок. Ал эми башка себептер менен жоготсо, эми ар кандай себептер болот да...
Депутат: - Бүгүнкү күнү «Стечкин» табелдик тапанчасын жоготкон адамды сиздин карамагыңыздагы жетекчи кылып коюп жатасыздар. Билесиз да ээ?
Каниметов: - Түшүндүм ким жөнүндө суроо берип жатканыңызды.
Депутат: - Ал боюнча кандай дейсиз? Эртең ал жоготкон тапанча менен бирөө атылса кандай болот? Ким жооптуу болот?
Каниметов: - Ал башка жагдайларда жоготкон. Түшүндүрмөсүн сизге кат түрүндө берейин.
Депутат: - Эми ал баарына эле маалым да, клубда жоготкон.
Каниметов: - Ал тергөө маалында тастыкталган эмес.
Депутат: - Эми ал табелдик курал менен бирөө атылса эмне болот?
Каниметов: - Жоопко тартылат.
Булак: NazarNews.kg