www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 “Эл аруу тилек менен президенттик башкарууну тандашты”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

--“Референдумга катышкан шайлоочулардын 80% ашыгы “мындан ары мамлекетибизде тынчтык, туруктуулук, бейпилдик, бакубаттуулук, жыргал жашоого жетебиз” деген аруу тилек менен Президенттик башкарууну тандашты. Башкаруу формасы боюнча конституциялык кеңешме тарабынан сунушталган долбоордун преамбуласында, 11 пунктан турган Ата-бабаларыбыз, айкөл Манас, курман болгон баатырларды (расмий баатыр наамын алгандар болгону 358 адам) ж.б. эске алуу менен Конституцияны кабыл алаарыбыз жазылыптыр. Менин жеке оюмча, өткөндөрдү эске алуу менен Конституцияны кабыл албайт. Конституция жашап жаткан эл үчүн кабыл алынат. Ошондуктан, жогорудагы эске алуунун ордуна, Мисалы:  “Сот адилеттүүлүгүн орнотууну, ички стабилдүүлүктү, биримдикти камсыз кылуу; биргелешип коопсуздукту сактоону уюштуруу жана жашоо турмушубуздун жыргалчылыгына жетүү максатында Кыргызстандын эли Конституцияны кабыл алат” деп, жазсак туура болмок. Эмнеге умтууларыбыз, кандай максатка жетээрибизди так көрсөтүлөт эле. Алдыга койгон максатка ылайык, мамлекеттик бийлик бутактарын түзүүдө негизги принциптердин алкагында Конституцияны кабыл алсак, элдин бүгүнкү мүдөөсүнө жооп бермек”, - дейт Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости