www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азыркы Баткендин губернатору, Ө.Суваналиевди канчалык баалабайлы ал орунга жарабайт. Анткени, Баткендик эмес, жергиликтүү көйгөйлөрдү ичинен билбейт», - деди бүгүн, 24-мартта NazarNews маалымат агенттигине саясатчы Рамазан Дырылдаев.

Ага кошумча экс-элчи чек ара маселесин татыктуу адам чечиши керектигин айтып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жасады.

Баткен жергесиндеги кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги болуп жаткан көйгөйлөр, Кыргызстандын чегинен сыртта жашап, иштеп, окуп жүрүшкөн миңдеген мекендештерибизди да сарсанаага салууда. Өзүм чет элде жүрсөм да, тээ илгери, Масалиев, Акаевдердин мезгилинде Баткенде болгон окуяларды жана анын кантип чечилгенин билген адам катары, сизге төмөндөгү эки сунушумду бергим келди. Мүмкүн эске аларсыз:

1.Баткендеги чек-ара маселеси, кээ бир соцсеттер аркылуу, ашкере саясатташтырылып, бирөөнү мактаган, бирөөнү каралаган женил-желпи пиар компанияга айланып жатат. Өткөндө Бекназаров жазгандай, ындыгында эле кыргыз-тажик чек арасын Москва чечкен, кыргыз же тажиктер аныктаган эмес. Эки эл кылымдар бою базары, мазары бирге эле жашап келген. Бекеринен Манас бабабыз тажик кызы Каникейге үйлөнбөгөндүр. Жеңил желпи опурулган баатырдык чакырыктарга эле, тажиктер талаш жерлерди кыргызга өткөрүп бербейт! Пиар чакырыктарды азайтып, чек ара маселесин чечүүдө, сабырдуулукту, билимүүлүктү, дипломатияны туу тутунган Баткен жерин, элин жакшы билген тажрыйбалуу мекенчил инсандарды колдонууга чакырам. «Ураа чапайчылардын» чек ара темасында социалдык желелерден оозуна келгендерин оттогондорду катуу чектөөнү сунуштайм. Антип чегара маселеси чечилбейт. Чек ара маселесин чечүүнүн эл аралык заманбап жол жобосу бар!

2. Масалиев, Акаев замандарында, Баткендеги проблемаларды чечуу учун, Баткенге облус статусу берилип, Айбалаев губернаторлук орунга ар тараптуу иликтелип, таразаланып анан жиберилген. Азыркы Баткендин губернатору, Ө.Суваналиевди канчалык баалабайлы ал орунга жарабайт. Анткени, Баткендик эмес, жергиликтүү проблемаларды ичинен билбейт. Экинчиден ал 1995-жылы Таластан ЖК га депутат болуп келип, оппозициялык маанайда жүрүп эле, анан шайлоочуларын таштап Ош ИИБ башчы болуп кеткен. 2007-жылы Кулов экөө Бакиевге каршы «элдик фронт» түзүп, анан эле элди таштап, Нарынга губернатор болуп кетип калган. 2010-жылдагы Ош коогаланында Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн ишеними менен Ош ИИБге башчы болуп дайындалып анан эле 10-15 күн өтпөй, ЧП мезгилинде саясат кылып, ишин таштап баса берген. 2020-жылдагы ЖК га болгон шайлоого да, Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары болуп туруп, өзүнүн түздөн-түз «шефин» шыбап, Мадумаровду жандап жүрдү. Октябрь төңкөрүшүндө УКМКны ээлеп, «өлө элек» кыргыз бийлигин «эрте өлтүрүп» чет элге чейин кабар берип жиберди. Эми Мадумаровду «чанып» Баткендин губернатору болду. Күзүндө ЖКга боло турган шайлоодо, адатынча сизди сындап кетип калбайт деп ким кепилдик берет? Кетсе го кете берсин, Суваналиевге менин жеке эч каршылыгым жок. Болгону ушундай саясий туруктуулугу жок адамдан Баткендеги көйгөйлүү маселелер кантип чечилсин?! Аны бааласаңыз башка кызмат бериңиз! Мен сизге Баткенди жакшы билген, Баткендик Айбалаевди же ошондой тажрыйбалуу, эл аралык укукту мыкты билген, мекенчил Баткендик азаматтардын өзүнүн ичинен тандап коюну эсиңизге аларсыз деп кайрылып жатам. Бакендин проблемасын Баткендик гана жакшы билет, түшүнөт жана качып кетпейт! - деген Кайрылуусунда Дырылдаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости