www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ахматбек Келдибековго адаттагы бут тосуубу же эмне айтор ачыкка чыкпаган көшөгөнүн артындагы оюндар башталды?”, - деген пикирин билдирди “Теңир тоо ынтымак” коомунун жаштар төрагасы Урматбек Акунов.
“Учурда Кыргызстанда сот барбы?-Сот жок. Ким сот?-Атамбаев. Баары эле өз билгенин кылып, “шефтин” буйругун аткарып атпайбы? Мына кыргыздын чыгаан жигиттери камакта жатып, мыктылардын атасынын байлыгына чейин тартып алды. Бирөөнүн оокаты бирөөгө оокат болооорун башыма жүн чыкканы уга элекмин.
Эми дыкаттык менен караңыздар, ММКлардын бири Жогорку Кеңештин V-чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибековду 2 күн мурун Фейсбуктагы “Элита сатирасы” деген тайпа “Президенттикке талапкер кимди тандайсыз?”, – деген аталыштагы сурамжылоо жүргүзгөндө Ахматбек Келдибеков алдыңкы катарга чыккан. Арадан 3 күн өтпөй бийлик катардагы оюнун баштап, Жогорку Сот Келдибековдун соттуулугун жокко чыгарууну 2017-жылдын 8-ноябрга калтыргандыгын жар салды. Мындан ары бул көрүнүш эмне менен бүтөт күтө туралык. Кантсе да тетири жарыштан жакшылыктын жышааны көрүнбөй тургансыйт. Анткени алайлыктар деле бирөөгө жемин жедире бербегени жалпыга белгилүү. "Жизнь-бумеранг”, деп коет орустар. Иши кылып эле бийликтин ыргыткан ташы өзүнө тийбесе болду", - дейт Урматбек Акунов.
Булак:NazarNews.kg