www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Урмат мырза, көп кабаттуу баардык шарты бар үйдө турасыз? Абал кандай жууркан сизге дагы жеттиби?

--Убагында экс-президент Курманбек Бакиев, “тезек тергиле”, десе мазактап, ал кишинин сөзүн улам-улам айтып, кере какшыктап күлгөнбүз. Чындыгын алып караганда биз баарыбыз эле шаардык эмеспиз. Канышай Мамыркулова айтмакчы, төркүндөрүбүз тоолуу аймакта төрөлүп, мал менен жан багып, малдын кыгы менен эле оокат кылып келгенбиз. Сурадыңыз айтайын, абал кандай болмок эле өтө оор. Үй суук. Жылыткычтар нормалдуу иштебей жатат. Бирөөнүн үйүнө барсаң азыр сени ким жактырмак эле. Убагында “тезек тергиле десе тоготподунар эле, мына эми үтүктөлбөгөн тырыш-бырыш купайкени белге чейин шымданып, жуурканды чүмкөнүп жата бергиле, - деп социалдык тармактарга жазып атпайбы! Так ошондой болуп атабыз.

--ТЭЦти оңдоп-түзөө иштерине 386 000 000 АКШ доллары сарпталган. Жыйынтыгы жакшы болгон жок, жаран катары сиздин пикириңиз кандай?

--Менин жаран катары пикирим уят эле болду. Сапар Исаков менин досум, 11 кеңешчиси бар. Мына эми досум, Кыргызстанга Гарварддан окууну бүткөндөр эмес, так ушул Кыргызстианда өнүп-өскөндөрдү жанына тартыш керек. Эми олчойгон суммага келсек, маалымат булактардан  Бишкек ТЭЦтин ремонтуна 386 000 000 доллар сарпталыптыр. Эми элестетиңиз, эми сомго которолу, 380 000 000 $ × 68,25 25 935 000 000 сом! Бул акчага Бишкектин четине кичи шаарча куруп койсок болмок да. Мындай каражат менен ТЭЦ 1,5 эсе мурдагыдан кубаттуулугу күчөп, биз тердеп эле “майкачан” ары-бери басып калышыбыз керек эле. Тилекке каршы тердин ордуна ТЭЦтин түтүнү чыкпай буусу чыкпай жууркан оронуп жатып калдык. Кыскасын айтканда ТЭЦ бир күндүк -25°С сууктагы бороонго туруштук бере албады. Ошондо Сапар Исаковдун 40 кадамынын бири “жууркан” кадамы болду. Чындыгында досум Сапар, билимдүү дипломат болгону менен чарбачыл эмес, аны мойнун алсын.  

--Албек мырза айткандай “үтүктөрдү” сайбай жатасызбы?

--Ооба, кир-когумду катуу сыгып кагып-кагып жайып коюп атам. Таза өлбөдүкпү, деги айтпайын десем айттырасыңар, дагы кайталап айтайын, ушундан көрө күзүңдө бийлик, “кыш суук болот, Бакиевге окшоп тезек тергиле” деп, ачык айтып койсо өлөт беле? Эмне тезек тербей же жакпай жүрдүк беле? “Үтүк сайбагыла” деген Албек мырзанын сөзү шермендечилик. Жууркан таратпай көп кабаттуу үйлөргө ушунча болду меш менен көмүр таратып койсун жагып олтуралы. Бул бийлик тезинен отставкага кетиши керек.

--Сөзүңүзгө караганда аябай үшүгөн окшойсуз?

--Мени мазактап жатасызбы? Үшүдүм, тоңдум. Ушул бийликти жек көрүп атам.

--Эми техникада кырсык каш менен кабактын ортосунда дегендей?

-- Макул, анда эч кимде күнөө жок. ТЭЦти оңдоп-түзөө иштерине 386 000 000 АКШ доллары сарпталганбы ошол акчанын кайда кеткенине итинен–битине чейин элге отчет тапшырсын. Эмне деген акча жатат. 26-январдан бери Бишкек ЖЭБинде суу бөлүштүрүүгө керектүү жабдыктар иштен чыккан. Ошондон бери башкалаанын көп кабаттуу үйлөрүндө жылуулук жок элдер мурдун шар тартып олтурат. Анда бул бийлик элдерге компенсация төлөп, январь айындагы электр төлөмдөрүн жокко чыгарып берсин.

--Рахмат.

Биз менен маекте “Теңир - Тоо” жаштар коомунун төрагасы Урматбек Акунов болду. Эске сала кетсек, 26-январдан бери Бишкек ЖЭБинде суу бөлүштүрүүгө керектүү жабдыктар иштен чыгып, көп кабаттуу үйлөрдө жылуулук жокко эсе.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости