www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адахан Мадумаров өлкөнүн оор акыбалда турганын эң жакшы билген инсан. Мындай пикирин Нарын облсунун тургуну, “Теңир тоо ынтымак” коомунун жаштар төрагасы Урматбек Акунов.

“Ар бир сөзүндө Мамлекетти ойлоп, түнү уктабай, түйшөлгөн убайымдуу күндөрү арбын экенинине, добушту шарактатып сатып алгандарга мыйзам чегинде чара көрбөгөн атка минерлердин көз жумду мамилесине өтө кейип турат.

Өткөндө ММКнын бирине берген маегинде: "Мени колдойм деген акчалуу жигиттер да жок эмес. Тилекке каршы, алардын туткунунда калып, ошолорго бүжүрөп, какап-чакап, алардын арам жетегинде калгым келбейт. Кудай буйруса, орозо маалы аяктаса, шайлоого чыгар-чыкпасымды, силерге сөзсүз ачыктайм. Ал эми Келдибеков боюнча уккуңар келсе, бул маселени али кеңешип-таңаша элекпиз. Орозо маалында буга окшогон кепке жем таштабайлы!", деген чечимин айтты. Мени Мадумаровдун сөзү таң калтырды. Чындыгында ак сөз. Менимче “үчилтикти” ажырашып кетсе экен дегендер толтура, ошол эле убакытта абдан күтүп жатышат. Мен бул үчөөн ажырашпайт го деген ойдомун. Камчыбек Ташиевди деле ар кимдер ар кандай сын-пикирди жаадырганы менен тарапташтары толтура. Ахматбек Келдибеков болсо мыкты дасыккан саясатчы, билимдүү, бийлик бутактарында өзүнүн ордун көрсөтө алган. Соттуулугу боюнча айта кете турган болсок, Кыргызстанда так ушул тапта кыйындар "соттолот",  "балыктар" мамлекетке кызмат кылат. Ток этээр жерин айтканда Орозо ичи толкунданбай күтө туралы. Угушума караганда жакын арада  оппозициялык топтун Курулутайы өтөт. Ажырашат деген үчөө чогу төрдө олтуруп калса таң калбай эле койгула да. Кызыктар али алдыда, - деди Урматбек Акунов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости