www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын маалымат каражаттарына массалык түрдө көлөмдүү текст таркатты. Ал текстти “Кыргызстандын тышкы карызынын тегерегиндеги  ушактар жөнүндө” деп атаган. Ошол макала боюнча жарандык активист Урматбек Акунов өзүнүн пикири менен бөлүштү.

- Алмазбек Атамбаев тышкы жардамдардын эсебинен транспорттук жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы ири долбоорлорду ишке ашырганын айтат. Ал ири долбоорлор тууралуу сиз кандай ойдосуз?

- Транспорттук долбоорлордон Бишкекке анча-мынча троллейбустар, автобустар алынып келинди. Бирок, аба транспорту, темир жол транспорту жаатында Атамбаевдин маалында эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок. Айрым жолдор салынды, бирок алар тууралуу өзүнүн эле депутаты Рыскелди Момбеков “силер салган жолдор балмуздактай эле эрип кетип жатат” деп улуу трибунадан туруп сыздап чыккан. Атамбаев тарабынан алынган карыздын суммасы бүгүнкү күнгө чейин ачык-айрым изилденип, такталып бүтө элек. Түндүк-Түштүк жолунда да жеп-ичүүлөр болуп жатат. Бишкек шаарындагы курулган жолдордун суммасы жогору, бирок сапаты төмөн экендигин көрүп турабыз.

- Атамбаевдин тушунда мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышы жалаң ылдыйлоонун үстүндө болгонун айтат. Сиз буга ишенесизби?

- Көп эксперттер менен аналитиктер мамлекетти бүгүнкү күндө дефольтто, бардык жерге карыз болуп бүткөн, алардын айынан кээ бир жерлерибиз Кытайга, Өзбекстанга кетет деген маалыматтарды айтышууда. Эгерде Атамбаев карызды азайтып келген болсо эл, депутаттар чырылдап карыз боюнча маселени көтөрмөк эмес. Урулган коңгуроолор карыздын азайганын эмес, тескерисинче өскөнүн далилдеп турат.

- Тыштан креди алуу статистикасын айтканда Атамбаев мырза эмне үчүндүр Аскар акаевдин доору менен салыштарган. Эмне үчүн Бакиевдин тушундагы статистикаларды келтирген эмес? Же тескери көрсөткүч чыгып калмакпы?

- Акаев, Бакиев, Атамбаевдердин ортосунда ар биринин өз баалары бар. Ошолордун ичинде Атамбаев Бакиевден жогору иш кыла алды дегенге болбойт. Эгерде Бакиевден жакшы иштесе Атамбаев алда качан эле “мына мен Бакиевден жакшы иштерди жасадым, ал мынчага көтөргөн карызды мен мынчага жойдум, анын тушунда биз мындай жакыр жашачубуз, мен мындай деңгээлге көтөрдүм” деп айта алмак. Бирок, көрүп турганыбыздай, ал мындай сөздөрдү айта алган жок. Анткени алган карыздарынын кыргыздын келечегине эмес, өүнүн гана жеке кызыкчылыгына колдонулгандыгы бүгүнкү күндө далил болуп көрүнүп калган. Ошондуктан, тышкы карыз боюнча Акаевден ылдыйлатса ылдыйлаткандыр, бирок Бакиевдин тушундагы көрсөткүчтөн ылдыйлата алган жок.

- Экс-президент өз макаласында кредиттерди Кыргызстандын улуттук коопсуздугу үчүн башкы деп эсептелген эки көйгөй – энергетика жана жол курууга алышканын айтат. Сиз бул тармактарда жакшы, олуттуу өзгөрүүлөрдү байкап жатасызбы?

- Энергетика боюнча учурда тергөө жүрүп жатат. Бул боюнча Осмонбек Артыкбаев, Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев камакта отурушат, Аскарбек Шадиев качып жүрөт. Бул энергетика тармагына алынган кредиттер өз максатына жеткен эмес дегенди далилдеп турат. Эртең сот өкүмдөрү чыга баштаса, конкреттүү суммалар да чыга баштайт. Атамбаев өзү айткан сөздөрүнө өзү каршы иштеди. Анткени, анын көздөй кадрларынын камакта отурушу келген кредиттердин коррупциялык жолдор менен иштетилгендигин ачыктап турат. элдин жашоосунда болсо эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок. Курулган жолдор сапатсыз, ТЭЦтеги сапатсыз курулуштун айынан өткөн кышта шаары эли жылуулуксуз калбадыбы. “Датка-Кемин” долбоорунун да элдин жашоосуна тийгизген таасири байкалган жок. Анткени өзүбүздө өндүрүлгөн электр энергиясы элдин жашоосун жеңилдетүүгө багытталган жок. Ал бир гана Атамбаевдин балдарына таандык “Автомаш-Энергого” жасалган салым катары эсептесек болот. Свет мурункудай Өзбекстан, Казакстан аркылуу эмес, түз келгендиктен баасы арзандашы керек эле, бирок андай болгон жок. Карыздап салынып жаткан жолдор да талапка жооп бербей, сапатсыз курулуп жатканы баарыбызга белгилүү. Каражаттар максатсыз колдонулуп, курулуштар сапатсыз курулуп жаткандыгынын дагы бир топ фактылары далилденип, жыйынтыгында мурунку жол министри Калыкбек Султановго кылмыш иши козголуп отурат. Бишкек шаарынын ичиндеги жолдор сапатсыз курулгандыктан 1-1,5 жылга жетпей керектен чыгып жатат.

- Атамбаев “Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу”, “Датка”, “Кемин” көмөк чордондору, “Датка-Кемин” электр линиясы, Бишкек ТЭЦи сыяктуу ири долбоорлорго каражат тартканын айтууда. Бирок, аталган долбоорлордогу коррупция тууралуу үн каткан эмес...

- Атамбаев бул боюнча башынан эле унчукпай келет. Анткени, анын кадрларынын туура эмес иштешкенин көрүп, ичинен тынып турса дагы сыртка үн чыгарып бир нерсе айта албайт. Атамбаевдин ар долбоорунда коррупциянн катышы бар экендигин коомчулук көрүп турат. Бул боюнча татыктуу жоопторун Атамбаев жакында алат деп ойлойм. Ал бул жерде коррупция жок деп айта албайт. Анткени айтканга анын моралдык да акысы калбай калды. Мунун айынан коомчулукта Атамбаевге карата жек көрүүлөр көбөйүүдө.

--Атамбаев, текстинде Райым миллион тууралуу кеп козгогон...

--Ооба, Алмазбек Атамбаевдин Райымбек Матраимовго тийишип жатканын себебин “АЗИЯньюс” гезити ачык чыгып жазып чыкпады беле? Алардын эки аялдан кийинки пикир келишпестиги да. Алмазбек Атамбаев анчалык эркек экен Райым миллиондун ага болгон жардамын айтып койсун. Ачыкка чыгарган шылтоосу эле Райымбек Матраимов. Эмне бул киши чоң глобалдуу маселени көтөрбөй, маселени жеңил-желпи жагынан көтөрө берет түшүнбөйсүң? Атамбаевдин негизги атаандашы Сооронбай Жээнбеков эмес  – Райымбек Матраимов? Анткени Атамбаевдин Райымбек Матраимовдон тили кысык. Себеби АШАнын көп былыгын Раим миллион ачыкка чыгарып салышы мүмкүн. Бирок Райымбек Матраимов эрктүүлүгү менен эстүүлүгү менен ичкен ашына түкүрбөй эле турат, анын Атамбаевди бир жерде жамандаганын уга да элекпиз го.   

Чындыгын айтканда Атамбаевдин ар кимге асылган деңгээли эмес да, бул киши дагы эле өзүнүн статусун билбегендей көрүнөт да. Атамбаев ким дагы Раим ким? Атамбаев деген президент болгон киши, Райымбек Матраимов болгону Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлык кызматын аркалаган. Экс президент өзүнүн деңгээлин Матраимовдон дагы төмөн түшүрбөсө деген ойдомун. Бул көрүнүш Атамбаевге аброй алып келбейт. Ошол эле учурда Атамбаев Раим Матраимовду негизсиз күнөөлөп жаткандыгы үчүн сотко берип салса болот эле. Негизги нерсе, Атамбаев коррупция жөнүндө сөз кылбай эле койсо болот, Матраимовго караганда Атамбаевдин ишенген жакын кишилери, оң колдору теңи камалып, алды качып кетпедиби?

--Ошондо Райымбек Матраимов Атамбаевди сотко берет деп ойлойсузбу?

--Райымбек Матраимов эркек. Андай ишке барбаса керек эмес барбайт дагы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости