www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыздын кырчындай жигиттерин Сирияга жибергенге толугу менен каршымын. Эгерде ушунчалык бийликтегилер Сирияга күйүп, боору ачып жатса, так ушул тапта   балдарын алдыңкы сапка коюп алып Сирияга кете берсин. Аларга эч ким каршылык көрсөтпөйт. Кайтпай эле ошол жакта отурукташып калса дагы терең ыраазычылык билдермин”- деген пикирин айтты, “Теңир тоо” жаштар кыймылынын төрагасы Урматбек Акунов.

Бүгүнкү күндүн орчундуу темасынан айланган Сирияга Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин киргизүү боюнча сүйлөшүүгө Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров Азаттыкка төмөнкүчө маек берген.

- Анда кыргыз куралдуу күчтөрүн жөнөтүү эмес ЖККУнун тынчтык орнотуу контингенти деп коёт, Сирияга куралсыздандыруу аймагына жөнөтүү боюнча суроо көтөрүлгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө кайрылуу келип түшө элек. Ошондуктан бул маселе күн тартибинде жок.

Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Мамдуманын коргонуу комитетинин жетекчиси Владимир Шаманов Сирияга мониторинг үчүн Кыргызстандын жана Казакстандын аскерлерин киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдиргенин жазып чыгышкан.

Кыргызстан жана Казакстан расмийлери менен бул маселе талкууланып жатканын, акыркы чечим кабыл алына электигин айткан. Мындан соң Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бул маселеде сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөгөнүн билдирип чыкты.

​Сириядагы адам укугун иликтөөчү борбордун быйыл марттагы баяндамасына караганда, 2011-жылдан берки согушта бул өлкөдө 321 миң киши набыт болгон. Алардын 96 миңи карапайым тургундар, 17 миңден ашууну балдар. ​Сириялык укук коргоочулардын эсебинде алты жылдык согушта кеминде 60 миң киши кыйноолордон жана түрмөлөрдөгү адам чыдагыс абалдан улам курман болгон. Дагы бир нече миң киши жихадчылардын жана козголоңчулардын түрмөлөрүндө каза тапкан. – деп ачыктаган “Азаттык”.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости