www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиялык теле алып баруучу Ксения Собчак АКШнын президенти Дональд Трампка видеокайрылуу жасады. Ал ага, социалдык тармактарда АКШнын нацизмди жеңишиндеги өзгөчө сиңирген эмгеги жөнүндө билдирүү жарыялаган Ак үйдүн кызматкерин кызматтан кетирүүнү кеңеш кылды.
“Урматтуу Дональд, менин атым Ксения. Мен Москвада жашайм. Москва Россиянын борбору. Мурда менин өлкөм Советтер Союзу деп аталган”, - деди Собчак өз билдирүүсүндө.
Ал Америка лидерине Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 28 миллиондон 40 миллионго чейин совет жараны каза болгонун эскертти. Совет аскерлери Берлинге жетип, миллиондогон адамдарга, анын ичинде концлагердеги туткундарга боштондук алып келишкен.
Собчак Трампты шалаакы кызматкерди кызматтан кетирүүгө чакырды. Анын айтымында, ал Russia Today басылмасынан жумуш таба алат.
Эске сала кетсек, май айынын башында Ак үй социалдык тармактарда Улуу Жеңиштин башкы жеңүүчүсү, нацизмдин курмандыгы болгон СССРди эскерүүнү унутуп, АКШ менен Британиянын нацизмди жеңгени жөнүндө жазып чыккан. Андан кийин, миңдеген колдонуучулар АКШнын бийликтерин сынга алып, аларды тарыхты кайра жазууга аракет кылды деп күнөөлөдү.
Ак үй АКШнын нацизмди жеңиши тууралуу чуулгандуу постко комментарий берүүдөн баш тарткан.
Булак: NazarNews.org