www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1-августта гемодиализ кызматын алган бейтаптар тендердин жыйынтыгына нааразы болуп Саламаттыкты сактоо министрликтин имаратынын алдына чогулушту. Алар аталган министирлик жүргүзгөн тендерде утуп чыккан “Репоэтин” каражатын колдонуудан кооптонуп жатышканын билдиришүүдө.
Себеби, бейтаптар буга чейин колдонуп ушуга окшош “Репретин” каражатынан улам бейтаптардын абалы начарлап кеткенин жүйө келтирип жатышат. Анан калса буга чейин айрым илимпоздор «“Репретин”деген анык дары катары илимий изилдөөдөн өткөн эмес» деген бүтүм чыгарышкан. Бөйрөк оорусунан жана рактан жабыркаган адамдардын саламаттыгын колдош үчүн сайылчу бул дарынын сапаты жана тийгизген таасири боюнча буга чейин да күмөн ойлорду, ар кандай талаш-тартыштарды жаратып келген.
Ушундай нааразычылыктардан кийин гана Саламаттык сактоо министрлиги бөйрөк оорулуу бейтаптар үчүн дары-дармек каражаттарын сатып алуу боюнча өткөн тендердин жыйынтыгын кайра текшерип чыкмай болду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Булак: "Айгай"