www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында КР президенти Сооронбай Жээнбековго Жалал-абад облусунун укук коргоочулары А. Орозов, Б. Тургунбаева жана Токой чарбанын ардагерлери Азим Токоев, Абдымалик Сатаров, Жалалабад обласынын токой чарбасында бир далай жылдан бери баш аламандык орун алганын, коррупциялык система өркүндөп, канчалаган арыз жазылса дагы, Облустук жана райондук Милиция жана прокуратура текшеримиш болуп акырына чыкпай келет. Ошол эле убакта укук коргоочулар жана токой чарба ардагерлери облустук токой чарбасындагы уурулукту токтотууга болгон аракеттери жылдар бою текке кетип отурат.

Бакыт Эрмеков областык токой чарбага жетекчи болгондон бери, токой чарбада уурулук кенен орун алып олтурат, кадр саясатты, алдым-жуттумга айланып, бюджеттен бөлүнгөн акчаны коромжуга учуратып келүүдө.

Негизги каражаттарга кол салып облустук токой чарбаларды сызга отургузуп келе жатат. Соронбай Шарипович мыйзамдын кулу болом деп ишендире убада кылган элеңиз. Эми аткара турган убакыт келди, бир гана саясый эрк керек, эгерде мамлекетти өнүктүрүү багытты колдосонуз. Убадаңыз сөз бойдон калбаса экен деп үмүт артабыз. Өзүнүз деле далай жылы оппозицияда жүрүп бийликтин мыйзамсыз иштерине каршы жүргөн элеңиз «Кырк кадам» стратегиялык програмаңар, көңүлдү бурбай, койбойт экен.

Бирок кандай аткарасынар кеп ошондо, же кагаз бетинде кала береби. Биз деле активдуу жарандык коом, көмөк көргөзүүгө дайым даярбыз. Атаганат ууручулук бизден бир кадам алдыга ооп мамлекеттик структураны толуктап кеткени өтө кейиштүү. Саясый эрдик кылып ууручулукту токтото алсаңыз. Элге кызматыңыз артпайт беле. Биздин деле ниетибиз токой чарбаны сактап калуу. Биз эмгек ардагерлери Токой чарбанын кыйынчылык менен окуусун сыртан окуп, ошо алган билимибиз менен Кыргызстандын токой чарбасын өнүктүрүүгө салым кошуп келгенбиз.

Кээ бир мамлекеттер токой чарбасы жок эле, атайын жаңгак плантация айдап өстүрүп миллиардаган долларды пайда таап жатышат. Биздин Жалалабад областык токой чарбасында, жаратылыштан жаралган жаңгактын пайдасын жеке жетекчинин кызыкчылыгына пайдаланып жатат, жаратылышка жырткычтык мамиле кылгандары өкүнүчтүү. Кытай өлкөсү жылына 1 000 000 тоннадан ашык Америка -700 000 тонна Украина -150 000 тонна Молдавия -100 000 тонна Турция -130 000 тонна жаңгак өстүрүп пайда табышат.

Ал эми, Кыргызстан жылдар бою 10 000 (он мин) тоннадан башы чыкпай келет, болбосо он – жыйырма эсеге көбөйтушкө бардык шарты бар. Токой чарбага келген жетекчилер эптеп эле жеке кызыкчылыгын артып, ишке ашпаган стратегиялык программа түзүмүш болушат.

Бирок ал программа ишке ашпайт, кагаз ордунда кала берет. Ал эми уурулук жагын өтө өздөштүрүп алышкан, болбосо алынган программа боюнча мөмө-жемиш, жаңгактын көлөмү жогорку көрсөткүч менен бааланмак.. Жаратылыштан пайда табуунун ордуна, кайра бюджеттин миллиондогон акча каражаттарды жеп жок кылып келүүдө.

Себеби, А.Акаевдин доорунан бери токой чарбага адистиги жок эле көрүнгөн саясатчы сөөрөйлөр кызмат орунду элеп келген Мураталиев, Бекенбаев, Рустамбеков, Тургуналиев, Давлеткелдиев, Атаджанов, Рустамов токой чарба агенттигине жетекчилик кылып бир дагы натыйжалу иш кылбай, талкалап, жеп, уурулук менен алек болуп келген. Бир гана Топчубек Тургуналиев таза кетти, Топчуке тез реформа кыла койём деп топтогу уурулардын куугунтугуна калган. Ажолордун токой тармагына көңүл бурбай кайдыгерликтен азыркы абалга келип турабыз.

Кыргызстандагы Токой чарба тармагын өнуүктүрүүгө сунушун берген жана өндуруштө кетирип жаткан кемчиликтерди айткан алдыңкы адистерди 90% кызматтан четтетип, токой чарба агенттигинен тазалашты. Азыркы куну токой чарбада кадрдык деградация толук орун алган, ошондуктан, КР өкмөтүнүн 02.06.2014-ж. №293 сандуу «2025-жылга чейин Кыргыз Республикасында жаңгак-мөмө өсүмдүктөрүн өнүктрүү боюнча программаны аткаруу» боюнча жана «Тез өсүүчү дарактарды айыл чарбасына жараксыз жана жер көчкү коркунучунда турган жерлерге отургузуу боюнча» 2012-ж. 6-июнь №253 Токтомдун негизги максаты, жогорку сапатта,. тез жетилүүчү, түшүмдүүлүгү жогору, аба-ырайынын ыссык-суугуна чыдамдуу жана даамдуу жаңгак, мисте, ширин бадам плантацияларын түзүү болчу.

Тилекке каршы бул токтомдор приписка жана көз боёмолук менен гана келе жатат. КР Өкмөтү тарабынан токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө албагандыгынан ууру чиновниктерге майдай жагып жаткан кези. Токой чарбаны толук өздөштүрө албаган А.Рустамов жана анын тегерегиндеги билими тайкылар, мамлекеттин мулкун талап-тоноого, көзөмөлсүз ишке жол берип койгон. Департаменттин директорунун орун басары Бакыт Рысалиев жана Жалал-Абад башкармалыгынын башчысы Бакыт Эрмеков аталган токтомдордун бир дагы беренесин аткарбай жалган отчёт приписка орун алган.

Мындайча айтканда Б. Эрмеков мамлекетти төрт жылдан бери алдап келүүдө. Өкмөт жогоруда аталган токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө алуучу органдар үн катпай келет. Токой дарактарын өстүрүп тушумун алуу бир- эки жылда эмес, он-жыйырма жылда алынат. Бирок эң жогорку пайда беричүү тармак, ошондуктан Токой чарбага өтө көңүл буруу зарыл.

Анткени “политический должность” деп токой чарба агенствосуна директор болуп С.Рустамбеков, С.Давлеткелдиев Ататжанов ж.б жангак уюлунун запасын ири залал кылып кетишти. Ошол жаңгак уюлдары кайрадан пайда болуш үчүн кеминде 30-40 жыл керек болот. Бир убакта адам аралап өтө албаган токойлор суюлуп бара жатат.

Укук коргоо органдары тарабынан аныкталган фактылар; 1.Кара-Алма токой чарбасынын мурдагы жетекчиси Абдыжапар Исаков мыйзамсыз нефтини Сузак районунун Сузак токой бөлүмү аркалуу Кытай фирма мыйзамсыз нефт алууну токтотсо. Жалал-Абад областык токой чарбанын башчысы Бакыт Эрмеков дароо А. Исаковду кызматтан алып коюп, жаны жетекчи К. Жумаевди кызматка алып келип, кайра келишим тузуп , эки жылдан бери күнүнө 40 тонна май корун алып көзөмөлсүз Б. Эрмеков пайдаланып келидө.

Текшерип келгендер токойдун кыртышын бузуп жатканын көрүп турса дагы ун катпай, эптеп акчанын камын көрүп калган өкүнүчтүү.. Бир гана областык ГКНБ былтыр 2016-жылы текшерген ачыкка чыгарда, облустук прокуратура кылмыш ишти өзүнө алып жаап коюшту. 2.Жалал-Абад областык Финн, полициясы аркылуу аныкталынып жана Облустук прокуратура тарабынан иш козголуп, сот аркылуу Республикалык Өнүктурүү Фондунан О.Борүкуловдун жазган проектисине 482 мин сом бөлүнгөн болчу. О.Борүкулов болсо атасынын менчик турак жайынын айланасын тосуп, сортовой бадам себилди дешип акчаны жеп койгон.

Б.Эрмеков менен К.Жумаев биригишип, 425 мин сом Республикалык Онуктуруу Фонддон келген акчаны жана токой чарбадан 125 мин сом акчаны жеп коюшкан. Ал жерге 1960-жылдары мисте эгилип кеп жылдан бери меме берип келе жаткан Уметовдун башкармалыктын бухгалтеринин токою болчу, акырында Сузак сотун дагы алдашып кутулуп кетишти.

Негизинде толугу менен мамлекетке кайтарылышы керек эле, себеби жацыдан отургузулган жаш көчөттөрдү малдын жеп коюусунан сактоо максаты болчу (суреттеру жана соттун чечими тиркелет). Бирок, облустук прокуратура Б.Эрмековдун жакындары болгондуктан бүгүнкү күнгө чейин жаап жашырып келе жатышат.

Сузак соту болсо азыраак гана акча кайтарылсын деп чечим чыгарган Болгону Орток токой чарбанын директору С.Эсенкановду жумушунан алды. Ал эми, кошо жешкен Б.Эрмеков бизди сотко берип кун-алыс биз менен 3 жылдан бери Сузак, Базар-Коргон, областык, Жогорку соттору аркылуу соттошуп журөт.

Биздей активист пенсионерлерди коркутуп, соттотуп жиберем деп ар кайсы провокацияга барып жалган кылмыш иш козготуп А. Орозовду каматып кугунтукка алуда. Жалал-Абад областынын прокуратурасы тарабынан 22.07.2016-ж.С.Мамбетов курулуш курууга уруксаты жок өз билемдик менен Арсланбап-Ата токой чарбасынын борбордук кампасынын айланасына узуну 13 метр, турасы 7 метр менчик турак -жай куруп алган фактысы боюнча Базар-Коргон РИИБнун тергоочусу Н.Жоробеков тарабынан кылмыш иш козголгон.

Токой чарбага максатту көңүл бурулбаса, кайра жаратылышты жаратуу кымбатка туруп калаары бышык. А.Рустамов менен Б.Эрмеков мамлекетке зыян кылганын чекесин гана жаздык, биз эмгек ардагерлери жана укук коргоочулар толук далилдеп берүүгө даярбыз.

Биз Сооронбай Шарипович сиздин мыйзамдын кулу болом деген убадаңарга ишеним артып токой чарбасын таза жолго бурат деп ишеничтебиз.

Укук коргоочулар

Качкынбек Булатов, Базаргул Тургунбаева, Анарбай Орозов

Токой чарба эмгек ардагерлери

Азим Токоев, Абдималик Сатаров

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости