www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мына бир нече күндөн бери, Ала-арча 1 конушундагы чатак басаңдабай келет. Алгач эле, чуу чыгарган топ Феликс Куловдун аялы Фатима Абдрасулова жана саясатчы Ахматбек Келдибеков шаарчанын административдик имаратын басып алышты деп такталбаган жана жалган маалымат таратышты.

Ошондуктан, ал топтун мүчөлөрү ким экендигин аныктап, коомчулукка жарыя кылып коюуну туура көрдүк.

Себеби, алар өздөрү шаарчанын башкармалыгын жетектеп турган кезде, көптөгөн мыйзам бузууларга барып, коммуналдык төлөмөрдү такыр төлөшпөй, жыйынтыгында шаарчанын карызы 2.5 млн сомго жеткен. Ал карыздын көпчүлүгү, ошол шаарчанын "мен кургам, мен бул жердин керек болсо кожейкесимин!" деп өзүн ханыша сезген айым - айтылуу Данияр Үсөнөвдүн аялы Динара Исаева.

Ошентип, бул былыктар баары сыртка чыгып баштаганда, өз күнөөлөрүн ошол шаарчанын башка жашоочуларына төңкөрүп, суудан кургак чыгып кеткиси келип жатышат. Ошондуктан, чарбалык маселени саясатташтырып, белгилүү инсандарды жаман көрсөтүү аракетин көрүп жатышат. Мурдагы башкармалыктын жетекчилери - Айжан Чыныбаева, Максим Бакиевдин келини жана Роза Отунбаеванын бир тууган жээни.

Ошондуктан, каалагандай калчап,эч кимди көзүнө илбей калган айым. Кошуна шаарча Аларча-3 тө жайгашкан өзүнө тийиштүү бир үйдү 1 млн долларга сатып, ошол үйдү бул шаарчага кошуп берем деп убада кылган. Бирок, шаарчанын тургундары ага каршы болуп, кийинки башкарма жетекчиси макул болбой койгондон баштап, бул айым Фатима Абдрасуловага жана башкарма мүчөлөрүнө кастык иштерин баштаган. Экинчи айым - Неля Бейшеналиева,  мурдагы юстиция министри жана Жогорку Соттун төрайымы. Азыр болсо, күйөөсүнүн фамилиясына өтүп, Дубовская болуп алган.

Ал эми азыркы башкармачылыктын курамын карасак, анда да кандай адамдар экенин байкайсыздыр. Александр Конев, Игорь Дубовской (Неля айымдын күйөөсү) жана сырдуу жана чырдуу Ольга Кавтарадзе. Бул айымдын күйөөсү Зафар Алиев деген шылуун. Ал өз кезинде Кыргызстандын 500 миң долларын кайтарбай, баарын Максимге шылтап, "Евросеть" жана "Гринвич" аттуу кымбат бизнестердин ээси, булар баары Орусиянын жарандары экендигин да айтып койбосок болбойт.

Ал эми чырдын дагы бир тарабы, Ала Арча-1 конушуна жакын жерде 4 кабаттуу имарат курулуп жатат. Ошол имаратка, өз кезинде тургундарга билдирбей шаарчанын түтүктөрүнөн суу берип турушкан. Ал курулушка кеткен сууну, жоготуулар болууда деп, жашырып жүрүшкөн. Ал имараттын ээси болсо - Эркин Исаков, борборубуздун вице-мэри. Суу уурдалып жатканы билинип калгандан кийин, Исаковдун атасы Күмөн Исакович өзүнүн үйүнөн шланг аркылуу берип баштаган. Ошол чыр чатак башталганда да, так ошол аксакал ошол жерде жүргөнүн тасмалардан көрдүңүздөр.

Мына ушундай мыйзамсыздыктар жана өз билемдиктерди жасаган айымдардын тобун, өзүн өзгөчө демократ жана чыныл инсан катары көрсөтүп келген Роза Отунбаева айым калкалап келет. Себеби, анын туугандары, ал шаарчаны каалагандай башкарып, мамлекеттик казынага төлөнүүчү төлөмдөрдү төлөбөй, кымбат жер тилкелерин жана хансарайларды сатып, байып жатышат.

Эми болсо, айыптары ачылып калганда, "..сурган кыз ...сурбаган кыздын бетин аймайт" деген сыяктуу, таза иштеп, тургундардын жана ошол жерде жумуш иштеген күзөт кызматкерлеринин укуктарын коргоого аракет кылган адамдарды каралоо менен алектенип жатышат.

Урматтуу Роза Исаковна, туугандарыңызды бир аз тыйып койбойсузбу?

“Ала-Арча-1” конушунун тургундары

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости