www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку окуу жайына окууга каражаты жок абитуриенттерге насыя берүү сунушталууда. Мындай демилге Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде биринчи окууда каралууда.
Демилгечи депутаттардын бири Аалы Карашевдин айтымында, мектепти бүтүргөн жаштардын көпчүлүгү каражатынын жоктугунан: жогорку билимге ээ болбой калып жатат.
"Мыйзам долбоорун сунуштап жаткан депутаттар анализдеп чыктык. Жылына 60 миңден ашуун окуучу орто мектепти, 30 миңдей окуучу толук эмес жогорку окуу жайды аяктайт экен. Алардын алдында жогорку билимге ээ болуу маселеси турат. Тилекке каршы, 5 миңдин тегерегиндеги эле окуучу бюджеттик негизде окуса, калганы акча төлөп окуйт.
Көпчүлүгү акча таап келин, анан окуйм деп чет өлкөге чыгып кеткен бойдон окубай калып жатат. Себеби үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жардам берип калып жатышат.
Ошондуктан биз жеңилдетилген түрдө насыя берүүнү сунуштап жатабыз. Насыянын үстөк пайызы 5 пайызга чейин болушу керек. Эгерде андан жогору боло турган болсо, калганын мамлекет төлөп берүүсу зарыл. Ал эми студент жыл сайын насыяны алып, төлөөнү окуужайды аяктагандан кийин төлөп баштайт. Ата-эненин акчасына окуткан бала окубайт, насыя алып окуса жакшы окуйт. Себеби өзү төлөйт", - деди Карашев.
Каржы министрлигинин маалыматына караганда, мыйзам долбоору 2019-жылдан баштап иштеп баштап, 500 абитуриентке насыя берилсе, бюджеттен 2 миллион 275 мщ сом талап кылынат.
Булак: Фабула