www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо өнөктүгү көпчүлүк саясатчылардын шайын оодарып айрымдарын бир аз акылынан да тайдырып койду окшойт. Анткени бири айткан сөзүнөн танса, экинчиси «асмандан түшкөндөй» билдирүүлөр менен чыгып көпчүлүктү таң калтырып турган кез. Коопсуздук кенешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын 19-августта өткөн курултайында; «Кыргыз бийлиги криминалга жедилди», - деген оюн ортого салып «балп» эттирди. Ал күздөгү парламенттик шайлоого аттанган бир канча партиянын артында «каралар» турганын белгилеп, саясатка бел байлагандар аларга кызмат кыларын да кошумчалады.

«Ырдаганын Шаршен ырдап, уялганын биз уялдык», - дсгендей криминал менен күрөшө турган адамдын оозунан ушундай сөз чыгып жатканы, түшүнгөн адам үчүн өтөт уят иш болду. Мындай билдирүү Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматын аркалап турган Өмурбек Субаналиевге эч кандай аброй алып келбеси турган иш. Себеп дегенде, ошол опулдаган «к...ани» Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басар катары, күч түзүмдөрүнүн башчыларын чакыртып сөөмөй кезеп: «Криминалга жеңилдиңер!..», - деп үстөлдү бир муштап алса, анда баарыбыз: «Бул генерал азамат экен, бул чыныгы генерал экен», - дейт элек. Өзүнүн да, эл алдында жүзү жарык болмок. Туурабы?

Болбосо, «Мен криминал менен күрөшөйүн десем, башкалар тоскоол болуп койду», - десе жарашмак. Эми шайлоо өнөктүгүнүн алдында өзүн пиарлап:«Аксак кой түштөн кийин маарайт», - болгон жоругу чыныгы генерал эмес, «жыгач генералдын» айткан сөзү болуптур. Анан да криминалды эми эстеп, узак жылдардан бери «үн катпай» тилин тишине катып жүргөнүнө «баракелде» дегенден башка айтаарыбыз жок. Популистиктин да чеги болот да, эй! Бул бир күйдүргү экен да.

Булак: Де-Факто

Последние новости