www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абайлап байкаганда, Кыргызстанда азыркы учурдун абдан актуалдуу маселесине айланып бара жаткан коомдук-саясий маанидеги талаштар улам мезгил өткөн сайын өтө тездик менен көбөйүүдө. Жалпы өлкө аймагындагы саясий климатка салыштырмалуу, андай локалдуу аймактарда барометрдин курсу өзүнөн-өзү чыңалып, айрым учурларда критикалуу белгиге чейин көтөрүлүп кетүүдө. Эми негизги суроо — ошол азыр билинер-билинбес, улам аз-аздап чыңала баштаган маселелер коомчулуктун чордонундагы тагдыр чечүүчү күнтартипке айланып кетип, ошол аймактар “горячая точкаларга” айланып кетпейби деген кооптонуу да жаралууда…

Мурдатан эле тоо-кен тармагын иштетүүнүн тегерегинде, жергиликтүү маанидеги ар кандай конфликттер кез-кезде болуп келгендиги маалым. Алардын эң соңкуларын эле эске сала кетелик: Чаткал, Солтон-Сары, Жерүй… Эми аларга алардан да орчундуу жана алда канча курч, тикесинен коюлуп турган дагы бир маселе — Ат-Башыдагы логистикалык борборду куруу, же курбоо талашы кошулду!..

…ХХ кылымдын соңунда дүйнөлүк географиялык карта адам такыр тааныгыстай болуп өзгөрүлдү. Эгерде ошол тушта Жер планетасынан бөлүнүп, адамзат менен такыр байланышы жок болуп калып, айталык, Космосто узак мөөнөттүү жашап келген адам болсо (баса, СССР талкаланып, ыдырай баштаган учурга космостук экипаж экспедициясы туш келип калган космонавттарды жалпы хаос-тополоңдо эстен чыгарып салышып, кийин белгиленген мөөнөтүнө караганда кыйла кеч, араң түшүрүп алышкан деп, Россияда жакында гана «мамлекеттик маанидеги трагикомедиялуу сырды» ачыкташты!), эсине келген соң, “Ой, кокуй, СССР деген дүйнөнү титиреткен держава кайда кеткен? Европалык өнүккөн өлкөлөр эмне себептерден улам ушундай кризистик абалга жетишти?!” — деп, баш катыра суроолорду салмагы турган иш болчу…

Асыресе, ал мезгилде салыштырмалуу тынч жана эч өзгөрүүсүз жаткан Борбордук Азияга, анын ичинде Кыргызстанга (Борбордук Азиянын демократиялык аралы аталып калган, дүйнөлүк геополитикалык архитекторлор үчүн башкарууга өтө ийкемдүү болгон, чакан өлкөгө!) алгачкы демократиялык өзгөрүүлөр баштапкы этапта улуттук кайра жаралуу, эйфория сыяктуу жагымдуу эмоциялары менен гана келген.

СССРдин эң соңку тышкы иштер министри Эдуард Шеварднадзе кылым тогошкондон кийин жарыяланган мемуарларында мурда белгисиз болгон айрым маалыматтар менен да бөлүшкөн. Ал дүйнөлүк державанын тышкы иштерин аныктаган мамлекеттик ишмер статусунда улуу Кытайдын лидери Дэн Сяопин менен жолугат. 1989-жылы болгон жолугушууда (СССР талкаланышы али эч кимдин оюна да келе электе!) кытай лидери эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу деп эсептелген чек ара маселесин да козгоп: “Кытай өз жерлерин акыры артка кайтарып алат. Бирок, бул биз азыр чече турган суроо эмес. Кийин өзү эле чечилет, Кытай мурда алдырып жиберген бардык жерлерин кайра толук кайтарып алат!” — деп, өтө ишеничтүү билдирген.

Эдуард Шеварднадзе Москвага кайра келген соң, кытайдын бул алысты көздөгөн, стратегиялык максаты көңүлүнө эч тынчтык бербей, Михаил Горбачевго ал сүйлөшүү тууралуу толук айткан. Демагог-демократ лидер бул идеяга кандайдыр бир фантазия катары карап, тек гана кайдыгер кол шилтеп тим болгон. Ошондон кийин эки жыл өтүп-өтпөй, Нобель сыйлыгын алган Михаил Горбачев өзү дүйнөлүк геополитикалык оюндардын алгачкы курмандыгы болуп, мурдагы держава лидеринен изгой-саясатчыга айланып, ачуунун сүйүүчүсү Борис Ельциндин тепкисинде калып, өзүн демократиялык баалуулуктарды тутунган өлкөлөр колдошот го деген үмүт менен ачкан “Горбачев-фонд” баш калкалар жай таппай калган!..

Арадан чейрек кылымдан бир аз ашкан убакыт ичинде эле абал таанылгыс болуп өзгөрө баштады. Азыр Дэн Сяопиндин стратегиясы иш жүзүндө ишке аша баштаганына күбө болуудабыз. Эгерде СССР тушунда Ыраакы Чыгыш аймактарындагы эл аз жайгашкан чөлкөмдөрдө орусташып кеткен кытай, корей улуттарынын өкүлдөрү басымдуулук кылбаса, азыркы учурда чектеш Иркутск, Новосибирск сыяктуу ири шаарларына толуп кетишип, ал тургай Москванын өзүндө кытай диаспоралары пайда болду.

Ошол Геосаясий стратегиялык программада Борбордук Азяидагы Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөргө кандай “роль” бөлүштүрүлгөнүн ким билсин, арийне, эгемендик тушунда Кыргызстанды, Казакстанды кытайлык ишкерлер ийгиликтүү өздөштүрүшкөнү — эч талашсыз факт. Алардын артынан кара таандай каптаган кытай жарандары бардык базарларды каптап, “Жунхай” сыяктуу жалаң кытайлыктар иштешкен базарлар да көп ачылды.

Дагы бир көңүл бура турган жагдай, эгерде Ыраакы Чыгыштагы орусташып кеткен кытайлар сырткы кебете-кешпирлеринен эле өзгөчөлөнүп бөлүнүп турушса, Азиялык Казакстан, Кыргызстанда физиономиялык өзгөчөлүктөр андай байкоолорго мүмкүндүк бербегендиктен, бул чөлкөмдөрдө жүрүшкөн кытайлыктардын чыныгы саны канча экендигин так айтуу кыйын. Айрыкча, мыйзамдар иштебеген, паспортторду көрүнгөн чет элдиктерге каалашынча сата башташкан, сөздүн түз маанисинде да, каймана маанисинде да алганда, саткын чиновниктерге толгон өлкөдө!..

Союз тушунда азыркы Нарын областы — “Тянь-Шань областы” деп аталып келип, кийинчерээк геополитикалык талаш суроолор эл аралык саясатта коюла баштаган чакта гана, бул административдик аталыш азыркы аталышка өзгөртүлгөн. Албетте, Кытай Эл Республикасынын аймагында деле Ийри-Суу сымал накта кыргызча аталыштагы топонимикалык түзүлүштөр сакталып калган учурлар бар. Асыресе, негедир Кытайдын мамлекеттик саясатындагы узак мөөнөттүү программасында андай улуттук мазмундагы аталыштарды бара-бара байкатпастан, биротоло жоюу алдын ала каралгандай туюлат. Болбосо жүз жылдан бир аз ашуун убакыт мурда эле Курманжан энебиз мекендеп, жайлоо катары кыргыздар жалпы пайдаланып келген аймактар кантип кытайча аталып калмак эле?!

Дегеле, азыркы учурдагы эл аралык мамилелерде кеңири орун алган колониялаштыруу мурдагыдай кан төгүп басып алуучу, фашисттик кандуу согуштар менен коштолбойт. Аларга караганда бир топ цивилизациялуу, “маданияттуу” ыкмалар эбак эле табылган жана ийгиликтүү колдонулууда. Мындай мисалдар толтура. АКШ, Россия, Кытай сыяктуу дүйнөлүк державалар эл аралык аренада өз таасирлерин арттыруу жана өз кызыкчылыктарын коргоону дал ушул өңүттө улантышууда. Бул максатта, такыр эле болбой бара жатса, күчкө салуу, төңкөрүш жасоо, же өз ичиндеги арамзаларды пайдалануу аркылуу кан төгүп туруп, “эл аралык тынчтыкты сактоочу күчтөр”, гуманитардык жардам, финансылык колдоо сыяктуу чүмбөттөрдү жамынып алып, дүйнөнүн бардык аймактарында каалагандарын ишке ашырышууда. Бул эч жашыруун деле эмес. Соңку он жыл ичинде болгон окуяларга эле көз чаптырып көрөлүчү: Иран, Ирак, Ливия, Сирия…

Дүйнөлүк нефть байлыгын көзөмөлдөө үчүн атаандашышкан державалардын тымызын күрөшү — тынч жашап жатышкан бай өлкөлөргө бүлүк салышып, баарын талкалап, чакчелекейин чыгаруу менен аяктаганына күбө болуудабыз. Азыр экономикалык терең кризиске баткан Кыргызстан тоо-кен байлыктарына абдан бай экендиги — СССР учурунда эле жеткире иликтенген. Болгондо да, — дүйнөдөгү эң сейрек кездешүүчү, уран, вольфрам, магний ж. б. сыяктуу, дүйнөлүк рынокто алтындан да баалуу эсептелген металлдарга байбыз. Кыргызстандын сыр каткан тоо катмарларында, Менделеевдин химиялык таблицасында бар байлыктардын баары бар. Демек, Кыргызстандын аймагына болгон геополитикалык кызыкчылыктар азыр жарыя айтылып жүргөндөй, Россиянын түштүк тарабын коргоо сыяктуу стратегия менен гана чектелбей, эртедир-кечтир жер астындагы байлыктарыбызга да кол салына турган мезгил келери шексиз.

Ошондо аларга кимдер ээлик кылышат? Биздин балдарыбызбы? Же кийинки урпактарыбызбы? Же Кыргызстандыктар четте калышып эле, чет жактан келишип, ар кандай аферисттик жолдор менен, кокусунан кожоюн болуп калышкан адамдарбы?.. Бул маселе азыр тек гана риторикалуу суроо болуу чегинен өтүп, реалдуулукка айлана баштаган чак!..

Ошондуктан, Ат-Башыда логистикалык борборду курууну ары-бери эле шарт эттире, эч ойлонбой, шашылыш чече салчу маселе эмес. Айрым кемчонтойлор эл дарбыса эшек кошо дарбыйт болушуп, бул талаштуу маселенин ички-тышкы жагдайларын, стратегиялык аспектилерин түшүнбөй туруп, тигил, же бул тараптын сөзүн сүйлөп, полемикага кошулуп калышканына корстон болушууда.

Же атайын кызыкчылыктары бар эки тараптын башчыларынын колдорундагы марионеткаларга гана айланышууда. А чынында, азыр күнү бүтүп бара жаткан, Кудай өзү Кыргызстанга ыроологон Кумтөр сыяктуу кенден эч пайда көрбөй, айрылып калгандай абалга жетпес үчүн, азыркы муун жооптуу болушу ылаазым. Антпесе, дагы чейрек кылымдан кийин: “Ошондо Кытайлыктарга жерибиз кени менен кошо ыйлап кетип бара жаткан чакта, эмнеге “былтыйып”, унчукпай карап олтурдуңар эле?!” — деп, уул-кызың, же неберелериң сурап калса, эмне деп жооп бересиң? Чейрек кылым — тарыхта көз ирмемчелик эле убакыт экенин жогорудагы мисалдар айкындап турат. Андай учур эртең эле жетип келет. Деги балдарыңдын көзүнө тик карап, жооп бергенге жарайсыңбы? Сакалың өрттөнгүр! — деген сөгүүгө калбайсыңбы?..

Азыркы жагдай дал ушундай ой-толгоолорго түртөт. Албетте, экономикалык кызыкчылыктан алганда — борборду куруу ашыктык кылбайт. Бирок, жерди 49 (кырк тогуз!) жылга берүү абдан опурталдуу кырдаалды жаратат. Мына бүгүн баарыбыз күбө болуудабыз. Мындан он беш-жыйырма жылча мурда эле болгон приватизациянын кесепети дагы көпкө чейин уланат. Ошондо эл, мамлекет байлыгын бир тыйынга ээлеп алышкандар: “Мен бешинчи-алтынчы кожоюнмун, сурооңор болсо мурдагылардан сурап алгыла!” — деп коюшуп, мурдун балта кеспей, чыйт түкүрүп жүрүшпөйбү?.. Эми аларда мыйзам чегинде да эч кандай жоопкерчилик жок…

Ал эми кырк тогуз жылда эки доор — эки муун алмашып, азыркы кепилдик берем деп жаткан олигархтар, саясатчылар тогуз ирет алмашышып, логистикалык борбордун баштапкы кожоюндары кимдер болгонун, кийинкилери кимдер экенин, жана да кийин кандай махинациялуу ыкмалар менен колдон чыгып кеткенин эч ким териштире албай калышы толук ыктымал. Керек болсо — мыйзам чегинде да буга чама-чаркы жетпей калат. Ал эми Логистикалык борбор куруу үчүн «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасы (жетекчилери — кытайлык Лю Ин жана Кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров) сарптоого даяр болуп турган 280 миллион доллар — кыргыз жери кандайдыр бир жолдор менен колдон чыгып кетсе, — бир тыйынга да арзыбай калат. Азыр Кытайга 1,5 миллиард доллар карызыбыз бар. Азыркы кезде коңшулаш Тажикстан Кытайга чектеш аймагын мурдагы кредиттери үчүн өткөрүп беришке аргасыз болгону айтылууда… Дагы жакшы, Рогун ГЭСин тажиктер өз каражаты менен эптеп, ыйлап-сыктап бүтүрүп алышкан экен…

“Гидроэнергетика биздин экономиканын локомотиви болот!” — деп, ооз көптүрө мактанган Кыргызстандын мурдагы жетекчилери түрмөдө олтурушат. Кредитти “гавкать эткен РусГИДРОго” кайра проценти менен төлөп бере албай, элге түшкөн жүк болууда. Демек, бир нерсени жасоодон мурда, алдын-артын терең эсептеп, алыскы келечекке да көз чаптырып туруп гана чече турган кез келди. Ат-Башыга удаа эле “Манас” аэропортун чет өлкөлүк башкарууга берүү, “Жерүй алтын кени” боюнча талаш да козголду.

“Же биз камалабыз — же Жерүйдү кайра кайтарып алабыз!” — дешкен жарандык активисттердин чекиндүүлүгү, дал немистик баскынчылар Москванын алдына келип калгандай маанайды элестетет. Кырдаал чынында да ошондой абалга келип жетти. Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт болгон жетекчилердин доору артта калышы керек. Кыргызстандын тоо-кен, жер байлыктарын туш келди, эч ойлонбой кармата берчү мезгил өттү.

Өз келечегибизди, өлкөбүздүн келечегин, урпактарыбыздын келечегин ойлонуу менен иш жасай турган муун келиши керек. Мезгил, заман талабы ушундай болууда. Чыныгы патриот, мекенчил муун өкүлдөрүнөн гана, өлкөбүздү азыркы финансылык-экономикалык кризистен сууруп чыгып, элибизди жаркын келечекке карай баштап кете турган лидерлер чыгышат.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости