www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 17-февралда Ысык-Көлдө маршрутка менен жылкылар кагышып, жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу региондук жол коопсуздугунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык болжол менен саат 16:45те Ананьево менен Семенова айылдарынын жолунда болгон.

“Алдынан жылкылар чыккан. Айдоочу кагышуудан качып, рулду бурганда бакты барып сүзгөн. Натыйжада 66 жаштагы айдоочу, 46 жана 34 жаштагы аял, ошондой эле 53 жаштагы киши ооруканага жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, маршрутка Бишкектен Караколго бара жаткан.

Булак: Nazarews.kg

Последние новости