www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Каскелен шаарында Алматылык 59 жаштагы аял бетин тарттыруу максатында жасаткан пластикалык операциядан кийин каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалыматтар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жеке клиникалардын бирине ар кайсы жери ооруп жүргөн аял операция кылдырууга ооруканага кайрылып жүргөн. Ал толук анализдерди албай туруп операция жасатууну чечкен.
Бирок, ал аялдын ден соолугу анча жакшы болбогондуктан, дарыгерлер операциядан баш тартуусун суранышкан. Тилекке каршы, сулуу болгусу келген айым операция учурунда комага түшүп, жүрөгү токтоп калган.
Учурда дарыгерлерге "Кесиптик милдетти туура эмес аткаруудан улам адам өмүрүнүн кыйылышы" деген беренеге ылайык кылмыш иши козгогон. Карасай райондук прокуратурасы бул ишти тактап жатат.
Булак: NazarNews.kg