www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгемендүүлүк алгандан бери билим жана илим министрлигинин жетекчилигине жарыбай койдук. Акыркыларын эле айта турган болсок, Кудайбердиева "бир-эки ката болсо эмне болот эле деп?"-жакшы эле тайраңдады. Ошол бир-эки ката адам тагдырын чечип коеру менен иши жок. Кудайдын эрке кызы Кудайбердиевадан кийинки Исаков деле укмуш эмес окшойт.

Болбосо катуу мактоо менен келди эле. Башкасын айтпай эле коёлу, акыркы 14-февралда жөнөткөн пресс-релиздерине токтолуп кетели. Катасы толтура, жооптуу жетекчилер каякты карап олтурат? Ал релизде Белоруссияга барып, гранттык негизде бекер окуу боюнча маалымат эле. Ал жерде:

Финансы и кредит дегенди - Финансы и кретит деп;

Копии документов дегенди - Копии документы деп;

Официальный дегенди -официльный деп;

Обучающиеся дегенди -обуччающимися деп;

Должен дегенди - длолжен деп;

Собеседования дегенди -собеседование деп;

Грант дегенди - гшрант деп далбастап жазып абийирлери төгүлдү, Ишенген илим министрлигинен ушундай каталар кетип атса, Икрамовду айтып не кылабыз?

Булак: "Факты.kg"

 

Последние новости