www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маркум Роза Жусубалиева 42 жашта эле. Ал буга чейин 3 кыз төрөгөн. Жердиги Нарындан болгон менен Чүйдүн Токмогуна турмушка чыккан. «Уул төрөп алайын» — деген жакшы ниет менен жүргөн Роза айым, төрөй турганга жакындап калган учурда, Чүй облустук ооруканасына кайрылган. Доктурлар эне менен баланын ден-соолугу үчүн деп аны акыркы 1, 5 ай убакыттан бери көзөмөлгө алышып, «сохранениеде» кармап жатканы айтылат. Бул тууралуу маркум Роза Жусубалиеванын бир тууган сиңдиси Анара Жусубалиева  буларды айтып берди: — Эжем, 1, 5 айдан бери Чүй төрөтканада врачтардын көзөмөлүндө болуп жаткан. Биз улам барып, врачтардан кабар алып турдук. Негизи бул төрөткананын врачтары жакшы карабайт экен. Буларга биринчи орунда акча экенине көзүбүз жетти. Себеби, алар маркум эжеме: «Сенин операциян аябай оор болот. Жакшылап даярдан. 10 миң сом даярда. Ал да жетпей калат го» — деген сөздөрдү айтышып, жүрөгүнүн үшүн алып коюшуптур. Байкуш эжем мага: «Анара булар мени коркутуп эле ар кайсыны айтып жатышат. Көп акча сурап жатышат. Коркуп жатам» — деп эле айта берди. 15-январда кечке маал дааратканга барганда кан абдан көп кетиптир. Ошол жерден мага телефон чалып, даараткана канга толуп кетти, бугун опреция болом, сен келесинби деген эле. Врачтар ошондо операция кылышыптыр. Роза эжем: «Мен наркоздон корком, общий эле наркоз бергилечи, мен эч нерсени сезбей калайын» -деп айткан экен. Бирок: «Сен тамак ичип алыпсың» — деген шылтоо менен Алмазбеков Аскар деген жаш врач общий наркоздон тышкары да, белине да дагы бир наркоз бериптир. Ичтен баласын аман-эсен алып чыгышты. Ал байкуш наристеси өзү каалгандай эркек экен. Бирок эжем ошол операциядан ойгонбой, комага түшүп калды. Тамакты шылтоолобой общий наркоз эле берсе ойгонуп кетет беле, эки наркозду көтөрө албай, ойгонбой калды. Врачтар бизди: «Ойгонот, өзүнө келип жатат» — деген сыяктуу ар кандай шылтоо менен алдап, жооткотуп жатышты. Эжеме наркоз берген Алмаз болсо ошо бойдон кетип калып, келбей жатты. Кийин врачтар эжемдин кансыраганын жокко чыгарышты. Биз эжем ойгонбой жатканда 18-январда тааныштарыбыз аркылуу Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиевге чоо-жайды түшүндүрүп айттырдык. Министр дароо эле төрөтканага Жүзүмалиева, Мүсүралиев,Иманалиев, Абдиев, Темирбаев деген профессорлорду жөнөтүптүр. Алар бир сыйра текшеришкенден кийин эжемдин ахыбалын бизге ачык деле айтышпады. Алар Алмазбеков Аскарды чакыртышып, чоо-жайды сурашкандай болду. Бирок абал оор экенин кыйытты. «Мээси уктап калган, ичегилери кыймылдан кала баштаптыр» — дешип, бизге «Убертид» деген дарыны тапкыла деген. Ошол дары жардам берет дешкен. Бирок ал дары сатууга тыюу салыныптыр. Бул жактан карап таппадык. Москвадан тапса болот дегенди угуп, ал жактан алдырганга аракеттерди көрүп жатканбыз. Өзүм кечээ күнү кечинде министр Батыралиевге кирип, кабылдоосунда болуп чыккам. Ал киши баарын түшүндү. Колдон келген аракетти көрөбүз деген. Чыныныда министрлик тараптан акыркы учурда болгон аракеттер көрүлдү. Бирок баары кеч болуп калганы түшүнүктүү болду. Ажалга айла жок экен, бүгүн таңкы саат 5терде эжебиз бизди таштап кете берди. Мына артында, 4 баласы жетим калды. Мен министрден күнөөлүү адамдарды жазаланышын суранат элем. Биз өзүбүз деле угуп, күбө болдук. Роза эжем менен чогуу жаткан дагы бир келинден да 10 миң сом сурашыптыр. Ал дагы колунда жок байкуштардан экен. Айласы кетип, көтөрүп жүргөн телефонун сатып, эптеп толуктап бериптир. Мына ушунун баары адам өмүрүн уруп ойнобогондук болуп жатпайбы. Бул бир эле учур мындай көрүнүштөр аз эмес да- дейт Анара айым,- деп жазат Чагылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости