www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный Омскдеги ооруканаларда комада жаткандыгы тууралуу кабар бергенбиз. Анын жакындары Навальныйды Германияга алып кетүүгө аракет кылышкан.
Алексей Навальныйды Германияга алып кетүүгө уруксат бербеген Омскинин дарыгерлери акыры макул болушту. Бул тууралуу №1 Омск тез жардам ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Анатолий Калиниченко билдирди. Бул учурда бардык жоопкерчилик немис дарыгерлерине жана бейтаптын туугандарына жүктөлөт.
"Оорулуунун абалы туруктуу. Туугандарынын бейтапты алып кетүү өтүнүчүнө биз каршы эмеспиз. Мындан кийинки жоопкерчилик алардын мойнунда”, деди ал. Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун өкүлү Кира Ярмиш дарыгерлер күтүүсүздөн ой-пикирин өзгөртүп, Алексейди өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр эч кандай үмүт болбой калган эле, жыйынтыгында оң натыйжа берди деп билдирди.
Эске салсак, Алексей Навальный 20-августта Томск шаарынан учакка түшкөн. Көп өтпөй ал өзүн жаман сезе баштаган. Учак кайра эле Омскке конгон. Навальныйдын жактоочулары Кремлден аны чет жакка алып кетүүгө жардам сураган. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жана Германия менен Франциянын лидерлери дагы Алексей Навальныйга жардам берүүгө даяр экендигин билдиришкен.
Белгилей кетчү нерсе, Алексей Навальныйга азырынча так диагноз коюлган эмес. Анын абалы оор боюнча.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Суннатилла Абдуллаев, Ташкент
Булак: NazarNews.kg