www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ат адамдын канаты" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Ал жашоодо адамга ишенимдүү жолдош экенин апамдын бул баянынан кийин көзүм жетти. Бардыгынан таң калычтуусу, ушу төрт аяктуу жаныбар биз түшүнбөгөндү түшүнүп, адам туйбаганды туят экен. Негизинен эле атамдын балдары жылкы жаныбарга башынан жакынбыз. Бир күнү айлыбызда чоң маараке өтөт дегенди угуп, өзүмдүн атымды чаап көрөйүн деп чечтим. Бирок алгач атамдан кеңеш сурашым керек эле. Атам макул болду.

- Балам, ушунчалык берилип калыпсың, токтотсом шагың сынып калар. Мейли эми атыңды сынасаң сынап көр. Бирок эске тутуп кой. Жылкы жаныбар сен туйбаганды туят, сен марага жетем деп жатып атыңды бөөдө жиниктирип алба, - деди.

Негизи эле атам ушу "жылкы сен туйбаганды туят" деп көп айтчу. Бирок андан ары эч нерсе дебей сырдуу гана күрсүнүп коёр эле.Ушул тымызын күрсүнүүнүн артында чоң окуя жатканын байкап жүрсөм да, батынып сурай алган жокмун.

Бирок бул күн дагы өзүнөн өзү келди. Каардуу кыш күндөрүнүн бири эле. Атам катуу ноокастап жыгылды. Ооруган адамды эптеп алаксытайын деп жанына бөжөйүп отуруп алып китеп окуп берем. Атам болсо угуп атканы же укпай атканы билинбей, үнсүз гана көзүн жумуп жата берди. Бир кезде бийик үн сальш:

- Ээ, Ашыр, болду эми, китебиңди ары коюп, менин сөзүмө кулак түр, -деди.

- Мына, ата, - элпек унчуккан мен китебимди жыйыштыра салып суроолуу тиктедим.

- Сен, эми чоңоюп калдың, балам. Жакшы менен жаманды айра билип, жашооңду жаңылбай өткөзгөн чоң белек экенин бир билип кой. Сага менден башка ким акыл айтмак.

Мен атам өтө маанилүү баян айтарын сезип, кунт угуп отурдум. Мына ошондо уккан элем бул табышмактуу окуяны.

- Ал жылы да так ушу сыяктуу кыш өзгөчө катуу түштү, - деп баштады атам, анда чабан болуп жүргөн кезим болчу. Азыркыдай шарт кайдан. Андагы чабандарды тоонун башына алып чыгып салып,ошону менен анда-санда бир кабар алганы болбосо жазга чейин сен көр, мен көр. Анда апаңдын боюнда бар. Бир жактан кой менен кыйналсам, экинчи жактан апаңдан санаам чыдабайт. Бир күнү кечинде келсем аябай кыйналып жатыптыр. Байкашымча ай күнүнө жакындап калган. Эмне кыларьшды билбей калтырап калдым. Ансайын апаң жөөлүп жүрөктү түшүрөт.

- Ай, Асыл, эмне болуп атасың? Мына мен жаныңдамын, - десем көзүн ачпай эле кайрадан жөөлүйт, Акырын кулак төшөсөм.

- Кула бээ, кула бээ дагы кыйнальш жатат. Алда байкуш ай. Эшикке чыгып карачы, - дейт.

Мен айла жок эшикке чыгып сарайга чуркап барсам. Кула бээбиз чын эле кулун тууп коюптур. Үйгө атып кирип кемпириме айттым. Ал алсыз башын ийкегилеп жылмайып койду. Ошентип Кула бээнин Керкашка кулуну менен сенин агаң Абдыкерим чогуу төрөлгөн. Кийин апаңдан сурасам, бир абышка көзүнө көрүнүп, "сенин балаң эр жигит болуп, эл көзүнө илинет, аман болсо" деген экен. Андан кийин эле татынакай кулун менен Кула бээ эле көзүнө тартыла бериптир.

Ошентип, агаң Абдыкерим менен Керкашка кулун апаң түшүндө көргөндөй эле чогуу өстү. Кайда барса артынан калбай кулунчак агаңдын артынан кишенеп ээрчип кетчү. Кудайга тобо, ат ушунчалык адамга жакын болорун биринчи жолу көрүшүм.

Абдыкерим өзгөчө шок бала болуп чоңойду. Беттегенинен кайра тартпаганын көрүп өзүмчө кубаньш калчумун. Аман-эсен чоңойсо балким бир нерсе чыгар беле чын эле.

"Кырсык каш кабактын ортосунда" деген чын. Күндөрдуүн бир күнүндө эле Керкашка тай (анда тай болуп калган) жоголуп жетти. Кырдан кыр ашып издесем да жок. Акыры чарчаганда өзү келээр деп үйгө келсем, наристем көзүн ача албай катуу ооруп калган экен. Кейип-кепчип энеси жүрөт. Малды бир карап коёюн деп эшикке чыксам, кечке издеген Керкашка акырда турат. Жетип барып жалынан сыласам карматпайт. Мен таң кала түштүм, Күндөн күнгө белгисиз оору баламдын тынчын алып, соолуп баратты. Андан да кызыгы Керкашка бир көрүнүп, бир көрүнбөй, кайдадыр жоголуп кетип жатты. Жаныбар чиркин эми ойлосом сезген экен. Агаң Абдыкерим көзүн жумган түнү таңга маал Керкашканын жан ачыгандай ачуу кишенегени угулду. Эртеси зооканын таманынан ичи көөп өлүп жаткан жеринен таптык. Ошол кезден ушуга чейин бул сырдуу көрүнүшкө таң калып келем. Баламдын киндиги менен туташ беле же жаныбарьш сезип уйдөн качып жүрдү бекен. Ошондон баштап жылкы баласына өзгөчө мамиле жасап калгам, - деп сөзун бүтүрдү атам.

Мен болсо өзүм көрбөгөн агам Абдыкеримди, анын Керкашка кулунун көз алдыма элестетип, табиятыбы же башкасыбы кудуреттүүлугүнө таңкалдым.

Сабыр КЫДЫРОВ, Кочкор району

Булак: Сырдуу дүйнө

Последние новости