www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиат ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бул жумадагы каарманыбыз былтыркы жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын алышкан Самара Каримова менен Юлия Руцкаянын аткаруусундагы “Курбум” аттуу ыр болмокчу. Бул дуэт пайда болгон соң көпчүлүк анчалык таң калбагандай. Себеби, катардагы эле чыгармалардын бири болуп калган.

Анан да бул ыр казак элине таандык болуп, элдин терең катмарына сиңген. Ырдын сөзүн Нурым Айтулы жазса, обонун Баглан Бабижан жараткан. Ал эми ырды эң биринчилерден болуп 2013-жылы казак элинин Эмгек сиңирген артисткалары Мадина Садуакасова менен Каракат Абилдина “Ал курбым” деп аткарып чыгышкан.

Кимдин аткаруусу мыкты болгонун сиздер гана аныктайсыздар, окурмандар! Төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Ырды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости