www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Заман агымына жараша баардык нерсе жаңы «тон» кийип чыга калаттура. Дегеним, уурулуктун жаңы улгүсү пайда болду Журналистикада уятты жыйыштырып алгандар арбып барат. Дегеним, «Ылгабай жазган токтом көп, ырдайм дегендер боктон көп...» - деп илгери бирөө ырдаган экен. Анын сыңарындай азыр эмне көп, интернет-сайт көп.
Эл окуп атаоы, окубай атабы, жарыялаш ан материалдары эскиби же аргумент-фактыга таянабы, аны менен иши жок. Эки сөздүн башын кошо албагандар деле сайт иштетип, «бакандай» редактор болуп олтурушат. Мейли иштетсин, анысына каршылыгыбыз жок. Бирок, айрым сайттар өздөрү туруктуу өз пикири, позициясы менен иш алып барбастан гезиттерге чыккан макалаларды баса калып жарыялашып, өздөрүн иштеп аткан адам катары коомго көргөзүп жатканы өкүндүрөт. Болбосо ал материалдар кызылдай эле бироөнүн эмгеги, таман акы, маңдай тери. Аны көчүрүп туруп өз сайттарына жайгаштырып, анан түбүнө итирейтип материал чыккан маалымат булактын атын жазып коёт.
Ушуну мененн кутулушат. Эч качан маалымат булагына же материалдын авторуна калем акы төлөшпөйт. Кыскасы ууру сайттар уятты жыйыштырып салып урдуруп атышат. Маалыматы тескеген министрлик бар. Маданият, маалымат жана туризм деп учкашып алган. Мына ушул тармак ууру сайттарды тизгиндөөгө чара корбөйбү?
Булак: "Де Факто"