www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдук транспорттогу чөнтөк уурулугуна шектелген жаран кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Арыз ээси Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө 15-март күнү кайрылган. Ал ошол эле күнү эртең менен кичи автобустан «iPhone 11 Pro» үлгүсүндөгү телефону уурдалганын билдирген. Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 1999-жылы туулган А.К. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Шектүүдөн арыздануучунун уурдалган уюлдук телефону алынган. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Кылмышка шектүүдөн жабыр тарткандар жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0703-35-15-65, 0705-07-08-08 же 102 номурларына кайрылса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости