www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кесиптеши, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Крокус Сити Холлдогу терактын кесепетинен курман болгондорго көңүл айтты. 
КР Тышкы иштер министрлигинин башчысы бул окуяны кескин айыптап, эл аралык терроризмге каршы күрөштө кыргыз тарап колдоорун билдирди жана бул багытта бирдиктүү күч-аракеттерди жумшоого чакырды.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз тарап бул трагедиянын кесепеттерин азайтуу үчүн зарыл болгон ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенине ишендирип, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтуу сөздөрүн жеткирүү өтүнүчүн билдирди.  Трагедияда жапа чеккендердин бардыгын тезирээк сакайып кетишине тилектеш экендигин кошумчалады.

Өз кезегинде Россиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы кыргыз тарапка трагедиядан кийин дароо эле эң жогорку деңгээлде колдоо көрсөткөндүгү жана ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар байланыштарды үзгүлтүксүз улантууга жана тиешелүү маалымат алмашууга макулдашышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости