www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топтун "Бойко" аттуу өкүлү жана Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен жерди мыйзамсыз саткан деп шектелүүдө. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Атайын кызматтын билдиргенине таянсак, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылынын балансында турган 500 гектарга чукул жерди "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жана архитектуранын айрым кызмат адамдары менен тил табышып алып, соодалаган.

"Белгиленген участоктор 10 000 доллардан жана андан жогору баага сатылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Ошол эле учурда аффилирленген жактарга жайыт участоктору жазылганы, алар кийин башка адамдарга, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарга кайра сатылганы такталган. Жыйынтыгында түшкөн акча жогоруда аталган жактар тарабынан турак/турак эмес жайларды курууга, ар кандай коммерциялык иштерге, ишкердик субъектилерди ачууга, сатып алууга жумшалып, мыйзамдаштырылган", — деп айтылат маалыматта.

Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости