www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезияда узак убакыттан бери деңиздин үстүндө калган 297 Аракандык мусулман куткарылды. Бул тууралуу indyturk.com сайты жазган.

Индонезиянын Аче Лаот аскер бөлүгүнүн офицери Мифтахуддин Жут Адек, Ujong Blang Lhokseumawe жээгине барган 181 аял, 102 эркек жана 14 бала болуп жалпы 297 Аракандыктын аймак эли тарабынан куткарылгандыгын айтты. Мындан сырткары, деңиздин үстүндө көп убактан бери калгандыгынын себеби, кайда барууну көздөгөндөрү азырынча белгисиз экендигин кошумчалады.

Эскерте кетүүчү нерсе, 24-июнда Аче аймагындагы Seunuddon жээктеринде кайыгы бузулуп, жээкке сүрүлгөн 94 Аракандык мусулман балыкчылар тарабынан куткарылган эле.

Мьянманын Аракан аймагында 2012-жылы буддисттер менен мусулмандардын ортосунда чыр-чатак чыгып, окуяда мусулмандардан миңдеген киши каза болгон. Жүздөгөн үй, иш жерлери өрттөнгөн.

БУУ жарыялаган маалыматка ылайык, 2017-жылдын август айынан тарта Аракан аймагындагы түрдүү зомбулуктардан улам Бангладешке качкандардын саны 900 миңге жеткен.

БУУ жана Эл аралык адам укуктарын коргоо уюмдары Аракандык мусулмандарга каршы зомбулукту “этникалык тазалоо” же болбосо “геноцид” деп аташат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости