www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаев мыйзам боюнча «Акаевдик жандармерияга» кворум түзүп берип, Үзөңгү –Кууштун Кытайга кетишине чоң салым кошуп берген. 1999 жылы Үзөңгү-Кууш боюнча келишимге Акаев кол койгон. 2002 жылы парламентке добушка коюлган. Оппозиция кворум бузууга аракет кылышкан. Конституцияга ылайык Мыйзам чыгаруу палатасындагы 60 депутаттан 40 депутат жыйындар залында болбосо, кворум жок деп саналып, маселе добушка коюу мүмкүн эмес эле.

Бул күнү 57 депутат бар болгон. 18 депутат чыгып кетсе кворум бузулмак. Добушка коюлмак эмес. Микрофондор өчүрүлүп, сөз бербей койгондо, оппозиция калган депутаттарды чыгып кетүүгө үндөп чыгышкан. Тилекке каршы 16 гана депутат чыгып кетишкен.

Жыйындар залында 41 депутат калып кворум камсыз болуп калган.

36 макул добуш берип, 2 каршы, 2 калыс, 1 добуш бербей койгон.

Дагы 2 депутат тайманбай чыгып кетсе, жерибиз Кытайга кетмек эмес!

Оппозиция Конститутциялык сотко арыз жазып парламенттин чечимин жокко чыгарууга аракет кылышкан. Митингдерди уюштурушуп, президентке импичмент маселесин көтөрүшкөн. Массалык маалымат каражаттары толук бийликтин көзөмөлүндө болгондуктан, оппозиция эл менен жолугушууларды уюштуруп, Үзөңгүкууш маселесин элге жеткирүүгө аракет кылышкан. Көпчүлүк жерде оппозицияны эл кабыл албай, бузукулар деп кууган учурлар болгон.

Саясий элита Акаевдин жактоочуларына жана импичмент (президентти кызматтан четтетип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу) маселесин жактоочуларга бөлүнүп калган. Бекназаровго иш козголуп, камакка алынган. Митингдер басылбай Аксы окуясы болгон. Митингге чыккан 6 адам атып өлтүрүлүп, 70 тен ашыгы жаракат алышкан.

Ошентип 90 миң гектар жер Кытайга кеткен

Макул деп добуш бергендер :

Т.А. Абдрасулова

К. А. Алымкулов

Т.Б. Балтабаев

К.К. Байболов

Т.Ж. Боромбаева

Б.Х. Гогаев

К.Н. Жолдошев

А.У. Жапаров

Б.Ж. Жураев

Б.А. Иманкулов

А.В. Карпасов

К.Ж. Карабеков

Ж.К. Каниметов

Л.Н. Комиссарова

А.Т. Керимкулов

М.М. Кучуков

З.К. Курманов

Х.З. Коркмазов

А.Ю. Лобода

А.У. Мамбеталиева

И.К. Молдоташев

К.Э. Осмонов

М.У. Субанов

А.А. Султанов

Т.А. Сариев

Т.Д. Сарпашев

А. Раимкулов

И.Н.Токоев

В.Г. Толоконцев

Т.У. Усубалиев

Б.Ж. Кудайбергенов

Т.У. Чекиев

С. Чырмашев

А.А. Шадиев

З.Э. Шарапов

А.Э. Эркинбаев

 

Каршы, калыстар:

Текебаев - каршы

А. Таштанбеков - каршы

Б.Алымбеков - калыс

М. Султанов - калыс

О. Малеваная - добуш берген эмес

 

Кворум бузуу үчүн чыгып кеткендер:

А. Абдымомунов

Б. Акунов

Б. Асанов

Н. Байло

Т. Бакир уулу

Б. Бекбоев

А. Бекназаров

Э. Булекбаев

Э. Дуйшеев

И. Исаков

И. Кадырбеков

А. Мадумаров

А. Масалиев

А. Проненко

Д. Садырбаев

Д. Чотонов

Эл өкүлдөр палатасы да "кыргыз-кытай чек ара келишимин" колдоп берген. Бирок бул маселени колдоп бергендердин аты-жөнү бүгүнкү күнгө чейин жабык маалымат. Ал ачылса дагы көптөгөн саясатчылардын анык жүзү ачылмак!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости