www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Деги «узун сары» деген эмне?«Өлбөгөн жанга жаз келет» деп коёт. Жаз айы биринчи марттан башталса да климаттык жаз айы эми келе баштагандай. Кыштын мелүүн, жылуу аба-ырайына көнүп калышкан кыкеңдер 1-марттан баштап көктөм келди дешип, көзү ачык Арстан Алайдын алдыга болгон «ишенимдүү» алдын-ала айтууларына ишенип, сууктан биротоло кутулдук деп сүйүнүп калышкан. Арийне, март айы климат суук тартып, токсондун чыгышы быйылкы жылы оор шаттарда өттү. Кышкы сууктан да албуут жазгы ызгаар ындынды өчүрүп коё жаздады. «Узун сарынын» башталышы менен ызгаар атка тартып бараткандай. Жазгы күн менен түндүн теңелишинен соң күн узарып «узун сары» башталат. Байыркы кыргыздар каткан тамак-ашын узун сарыга сакташкан. Анткени, эң коркунуч туудура турган убак ушул узун сары болуп келген. Анткени мал камы жок, чөп-чар камдаган байыркы кыргызда узун сарыда суук узакка созулуп кетсе, койлор жүнүн жешип, жут башталган. Жут күч болсо малдын бары кырылып калган. Азыр болсо эсепчи Арстан Алай эмнени айтса да колдо чөп-чар бар, жут деген жок.
Жазгы узун сары, аба-ырайы убактылуу. Дүйнөдө жердин бетин жылуу климат каптап, бир-эки мүнөттөн бери жылып келе жатат. «Кыямат кайым» же «Акыр заман» келерде климат тезинен өзгөрүп турат. Климаттын өзгөрүшү акыркы жылдардагы көптөгөн жаңжалдардын жана Европаны каптаган массалык миграциянын дагы себептеринин бири. Эгер мухиттерге жакын жайланышкан миллиардаган Индия менен Кытайды жана башка мамлекеттерди суу каптай баштаса каякка качышат? Мындай окуя болбой эле койсун, бирок океан жээктеринен сүрүлгөндөр чек араны карап отурмак беле, миллиарддаган адамдарга жер которуу керек болуп калат. Бул калк ичкери карай жыла башташат.
Мурда мындай пикирлер айрым солчул саясатчылар тарабынан айтылып, либералдык ММКларда жазылып келген эле.
Климаттык өзгөрүүлөр адамдарга таасир этишеби? Мунун формалдуу илимий тыянактары табылды. Прикладдык системалуу анализ боюнча эл аралык институттун окумуштуулары атайын изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Ага ылайык, жаңжалдардын, массалык миграциянын өсүп жатканы менен климаттык өзгөрүүлөр ортосунда байланыш бар. Жарыяланган изилдөөгө таянсак, климаттык өзгөрүүлөр - 2010-2012-жылдардагы Тунистеги, Ливандагы, Йемендеги жана башка өлкөлөрдөгү элдик толкундоолордун, "араб жазынын" себептеринин бири болгон.
Андан тышкары окумуштуулар Сириядагы кырдаалды мисал катары келтиришкен. Бул өлкөдө башталган көңтөрүш жарандык согушка өсүп жетип, азырга чейин оту өчпөй жатат. Жүз миңдеген кишилер мерт болуп, шаарлар талкаланды. Бул окуялардын алдында аймакта күн катуу ысыган. Кургачылык болуп, суу тартышытыгы жаралган. Бир нече жыл жакшы түшүм болбой, айыл калкы массалык түрдө шаарга агылган.
Аргасыз урбанизациянын арты чоң кыйынчылыктарды жаратты. Айталы, шаарда турак-жай жетишпей, жумушсуздук күчөдү. Ага улай эле баалар кымбаттап, калк арасындагы нааразылыктар күчөдү. Арты келип саясий каршылашуудан бүт өлкө согуштун кучагында калып, миллиондогон кишилерге качкынга айланды.
2020-жылдын ноябрына карата БУУнун соңку маалыматына таянсак, 5,6 млн сириялык өлкөдөн качып чыккан. Болжолу 6 млн чамалуусу өлкө ичинде жер которууга аргасыз болду.
Бирок окумуштуулар климаттык өзгөрүүлөр менен массалык миграциянын ортосундагы байланышты кыйыр түрдө деп белгилеп жатышат. Изилдөөдө ушуга окшогон эле кырдаал дал ошол маалда африкалык өлкөлөрдө дагы өнүккөнү көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө коомчулуктун климаттык өзгөрүүлөр менен миграция ортосундагы эч кандай байланышты көрбөгөнү кабатыр кылат дейт окумуштуулар. Анткен менен экөөнүн ортосундагы байланыш ачык эле көрүнүп турат. Бул байланышты аныктоо үчүн изилдөөчүлөр комплекстүү ыкманы колдонушкан. Алды менен 2006-2015-жылдар аралыгындагы дүйнөдөгү 157 өлкөдөн башпаанек сурап кайрылгандарды иликтеп чыгышкан. Андан кийин качкындар көп келген өлкөлөрдөгү климаттык абал изилденген. Андан кийин хронологиялык динамикалык моделин түзүшкөн.
Глобалдык климаттык өзгөрүүлөр менен массалык миграциянын ортосундагы байланышты кыйыр түрдө деп белгилеп жатышат. Климаттык өзгөрүүлөр сөзсүз эле жаңжалга же миграциянын күчөшүнө алып келбейт. Бирок начар мамлекеттик башкаруунун жана демократиянын ортозар деңгээлинин шартында климаттык өзгөрүүлөр дагы чектелүү ресурстар үчүн болгон күрөштү, жаңжалдарды жаратышы мүмкүн.
Прикладдык системалуу анализ боюнча эл аралык институт Австрияда жайгашкан. Дүйнө жүзүндөгү алдыңкы окумуштуулардын башын бириктирген, таасирдүү илмий изилдөө борбору саналат.
Институт 1970-жылдары АКШ жана СССР тарабынан негизделип, экология, экономика, социалдык чөйрөдөгү көйгөлөрдү биргелешип изилдөө максаты болгон. Андан бери көптөгөн өлкөлөр кошулду, анын ичинде Улуу Британия, Германия, Израил, Кытай жана Украина бар.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg