www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Коомчулукта Венециялык комиссиянын сунуштарын эске алуу зарылчылыгын айткандар көбөйө баштады», - деди бүгүн, 25-мартта NazarNews маалымат агенттигине мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун.
- Турсунбек агай, 24-март Кыргызстандагы биринчи революция болгон күн. Бул күн эсиңизде эмнеси менен калды?
-Бул күн чыныгы элдик революция болгон күн. Ал күнү революция жасоону өнөкөткө айланталы деп революция жасаган эмеспиз. Ошон үчүн 24-мартты төңкөрүш деп атоого болбойт. Анткени, 24-марттагы революция Кыргызстандын 7 дубанынан бышып келген революция болгон. Тилекке каршы, андан кийинки революциялар өнөкөткө айланып баратат. Айтайын дегеним, бийлик алмашканына 6 ай болбой жатып, азыр да революция жасоону максат кылгандар пайда болду. Бул жаман көрүнүш. Негизи революция деген ар бир беш жыл сайын эмес, 30-40 жылда бир боло турган көрүнүш. Улам эле революция боло берсе, бакубатчылык болбойт, стабилдүүлүк орнобойт, экономика көтөрүлбөйт. Эл деградация болуп калат. Ошон үчүн эл да бир партияны бийликке алып келүүнү көздөбөшү керек. Бийлик да элди революциялык толкундоого жеткирбей, мурдагы бийликтегилердин катасын кайталабашы керек. Жаңыча реформа менен иштеши керек. Президент ишти баштап, конституция алмашканы жатат. Эми мындан ары 30-40- жылга чейин Конституцияны алмаштырганды токтотушубуз керек.
- Баса, коомчулукта Венециялык комиссиянын сунуштарын эске алуу зарылчылыгын айткандар көбөйө баштады. Аталган комиссиянын сунушун эске албасак, Кыргызстан эл аралык уюмдардын алдындагы милдетин толук аткара албай калабы? Алардын жаңы конституцияда президенттин укуктары көбөйүп кетиптир деген дооматына макулсузбу?
- Негизи Венециялык комиссия Кыргызстандын ички ишине кийлигишпей, референдумга каршы келбеген сунуштарды айтса, алардын сунуштарын аткарышыбыз керек. Эгерде конституциянын, референдумдун чечимине каршы келген сунуштарды айтса, биз аны аткара албайбыз. Негизи алар конституциядагы 70-беренесин сындап жатышат. «Президенттин ыйгарым укуктары көбөйүп кетиптир, президент монстр болуп калыптыр, өкмөт менен парламенттин көп укуктарын өзүнө тартып алыптыр» деп айыпташууда. А чынында ал маселенин экинчи жагы да бар. 10-январдагы референдумда президенттик башкарууну эл өзү тандады. Ошон үчүн президентке ыйгарым укукту толук беришибиз керек. Анткени, өлкөдөгү абалга президент керт башы менен жооп берет. Венециялык комиссиянын сунушу элдин чечимине каршы келген үчүн кабыл алалбайбыз.
- Конституция кабыл алган сайын эле Венециялык комиссиянын аты аталат. Ал комиссия өзү таасирдүүбү же аны Кыргызстанга өтө таасирдүү көрсөткүсү келген адамдар барбы?
- Албетте, Венециялык комиссияны таасирдүү көрсөткүсү келген адамдар болгон үчүн Кыргызстан аталган комиссиясынын алдында келин жүгүнгөндөй абалга жеттик. Айрыкча, Отунбаева менен Текебаев алар менен дос болгон үчүн Кыргызстан ушундай позицияда болуп калдык. Себеби, Текебаев Венециялык комиссиянын мүчөсү катары Кыргызстанга аталган комиссияны таасирдүү көрсөтүүгө болгон аракетин жумшады. Көп учурда Текебаев Данияр Нарынбаевди эрчитип алып, алардын жыйындарына катышып, Кыргызстанга койгон талаптарын аткарууга ашыгышчу. Азыр да ошолордун берген сунушун айтып, жаңы Конституцияны сындап жатат.
Булак: NazarNews.kg