www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бөрүбашевдин чындыкка дал келбеген маалыматтарды кайдан укканын, эмнеге айтып жатканын билбейм», - деди бүгүн, 25-мартта NazarNews маалымат агенттигине акыйкатчы Токон Мамытов.
- Токон Болотбекович, Бекбосун Бөрүбашев «конституциянын толук өзгөртүлө элек долбоорун Венеция комиссиясына сизди жөнөтүп жибериптир деп угуп жатам. Жаңы варианты жөнөтүлбөгөндөн улам, алар бийлик бир колго топтолду деген бир жактуу пикирде болуп жатат» деген оюн айтты. Конституциянын иштелип чыга элек долбоорун шашылыш бергениңизге эмне себеп болду?
- Бөрүбашев андай маалыматты кайдан укканын билбейм. Чынында мен 9-февралда Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган, үч окууда кабыл алынган акыркы вариантын жөнөткөм. Негизи Бөрүбашев Венециялык комиссия менен бирдикте уюштурган талкууларга катышкан эмес. Чындыкка дал келбеген маалыматтарды кайдан укканын, эмнеге айтып жатканын билбейм.
- Эмне үчүн коомчулукта Венециялык комиссиянын айткан сунуштарына каршы болгон пикирлер арбын айтылууда?
- Мен андай пикирлердин айтылып жатканын саясий сабатсыздыгыбыздын төмөндүгүнөн көрүп жатам. Ошон үчүн чындыкка дал келбеген маалыматтар айтылып, калпыс пикирлерге жол берилип жатат. Негизи Венециялык комиссия бизди берген сунуштун баарын аткаргыла деп талап да койгон жок. Алар сунуш гана берди. Аткарабызбы, жокпу же жаккан жерин колдонобузбу аны өзүбүз билебиз.
Алар эл аралык уюмдарга мүчө болгонубузда «азыр даяр эмессиңер, 5-10 жылдан кийин киргиле» деген. Алардын айтканына көнбөй Акаевдин мезгилинде эл аралык уюмдарга мүчө болобуз деп 3-4 жыл катуу аракет кылганбыз. 2004-жылы Венециялык комиссияга мүчө болгонбуз. Учурда башка мамлекеттер сыяктуу эле взнос төлөйбүз.
Ошондой эле, Венециялык комиссияда эки өкүлүбүз иштейт. Ага чейин эле абройлуу эл аралык чоң уюмдарга мүчө болуп, алардын мыйзамдарына толук жооп беребиз, адам укугун коргойбуз деп, 27 мыйзамга кол коюп бергенбиз.
- Жаңы конституцияда адам укугу сакталдыбы же калпыстыктарга жол берилип кеттиби?
- 100 пайыз адам укугу сакталды деп айткандан алысмын. Митинг, жыйын өткөрүү боюнча кемчиликтер бар. Бирок, негизинен бир топ адам укугу боюнча маселелер эске алынды десем болот.
Булак: NazarNews.kg