www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тазабек Икрамов: Вакцинаны биринчи Марипов өзү алсын

Коронавируска каршы вакцинаны биринчи кезекте премьер-министр, анын орун басарлары, саламаттык сактоо министри алышы керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов айтты.

Депутат өкмөт мүчөлөрүнүн вакцина алып жатканын түз эфирде элге көрсөтүлүшүн талап кылды.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинациялоо 29-мартта башталат. Эмдөөгө карата элде кооптонуу бар экени маалым.

«Саламаттык сактоо министрлиги парламентке келип эмдөө боюнча толук маалымат берсе жакшы болмок. Вакцинаны кайсы өлкөдөн алып жатат, баасы канча? Интернет булактарынан айрым өлкөлөрдө эмдөөдөн өткөндөн кийин ден-соолугу начарлап, каза болгондор да катталууда. Вакцинаны элге берерден мурда, түз эфир аркылуу көрсөтүп, биринчи кезекте саламаттык сактоо министри, премьер-министр, анын орун басарлары, депутаттар алышы керек. Вакцина текшерилгенби, текшерилген эмеспи? Бизге келип, түшүндүрүп берсин. Себеби эртең албагандардын баарын кыйнай баштайт», — деди Икрамов.

Эске салсак, эмдөө алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлөт. Бишкекте 5 үй-бүлөлүк медицина борборунда эмдөө пункту ачылат. Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунда 2 пункт, Ош шаарында №8, №10 үй-бүлөлүк медицина борборунда 2 пункт ачылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости