www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңештин депутаттарын преференциалдык система менен шайлоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.
Анын демилгеси бүгүн парламенттин жалпы жыйынынын күн тартибине киргизилип, биринчи окууда каралары күтүлүүдө.
«Преференциалдык шайлоо ыкмасы бир мандаттуу шайлоонун да ролун аткарат десек болот. Экинчиден, эл бир партияны эмес, анын тизмесиндеги өзүнө жаккан талапкерди тандап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мисалы, 90-катарда турган талапкер көп добуш алса, мандат берилет. Муну менен партия лидерлеринин кызыкчылыгына да бөгөт коюлат», — деди Сулайманов.
Эл өкүлү бюллетенге партиянын аталышы жана анын мүчөлөрүнүн тизмедеги номери (аты-жөнү жазылбайт) жазыларын айтты. Ошону менен катар ал сунушталып жаткан бюллетендин үлгүсүн көрсөттү.
Булак: NazarNews.kg