www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Улуттук гвардия эгемендүүлүктү алгандан тартып түзүлгөнү менен алдыга жылуу болгон эмес”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

--“Реформанын алкагында Ички Иштер Министрлигинин ички аскерлерин ИИМдин курамынан алынып чыгып, Улуттук  Гвардиянын карамагына өткөрүлүп берилди. Ички аскерлер, өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө такыр жок, болушу дагы мүмкүн эмес. Аларды биз өз элибизге каршы колдонобузбу? Ошондуктан, бүгүнкү күндүн талабы боюнча аскер түзүмдөрдү чачыранды кылбай, бир колго топтоп, Улуттук гвардиянын курамына кошуу менен анын укуктарын кеңейтип, мамлекеттин каражатын эле эмес аскер түзүмдөрүн дагы эффективдүү пайдалануу болгон. Ошонун негизинде аларга кошумча – коомдук тартипти сактоого катышуу менен коомдун коопсуздугун коргоо; өзгөчө кырдаал режимин жана аймактык коргонууну камсыз кылуу; табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүгө катышуу функциялары берилмек. Биз эмес Оруссия Федерациясы дагы өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алышып, ички аскерлер түзүмдөрүнүн оордуна улуттук гвардияны түзүшкөн. Ал эми бизде улуттук гвардия эгемендүүлүктү алгандан тартып түзүлгөнү менен алдыга жылуу болгон эмес, аны биз замандын талабына ылайык колдонгон дагы эмеспиз, ушул биригүү менен келечекте табигий-техногендик, биологиялык жана социалдык кырдаалдан чыккан кесепеттерин жоюу Улуттук гвардияга жүктөлмөк. Бул өзгөчө кырдаал абалы пайда болгондо, дайыма даяр турган күчтөрдү эффективдүү колдонуу, бюджетти, убакытты үнөмдөө, элге ыкчам жардам берүү менен тез аранын ичинде алардын кесепеттерин жоюуга мүмкүнчүлүк түзүлмөк”, - дейт коомдук ишмер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости