www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг альянс Орусиядагы окуяларга көз салып жатканын жана аларды өзүнүн ички иши деп эсептей турганын билдирди.
"Биз Орусиядагы кырдаалга көз салып турабыз. Дем алыш күндөрү болгон окуялар Орусиянын ички иши. Бирок бул президент Путин кетирген чоң стратегиялык катанын дагы бир далили", -деди ал НАТОнун саммити даярдалып жаткан Литвада болгон сапарында. Столтенберг Украинага колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгиледи.
Эскерте кетсек, 23-июнда «Вагнер» жеке аскерий компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министрлигин анын компаниясынын позицияларына сокку урду деп айыптаган.
24-июнь күнү эртең менен ал "Вагнер" аскерлери Ростов-на-Донудагы объектилерди көзөмөлдөп жатканын билдирген. Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында болушу мүмкүн болгон теракттардын алдын алуу максатында антитеррордук операция режими киргизилген.
Кырдаал Беларустун президенти Александр Лукашенко менен "Вагнердин" башчысы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Евгений Пригожин Москвага баруу ниетинен баш тарткандан кийин жөнгө салынган. Азыр анын кайда экени белгисиз.
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Евгений Пригожинге каршы кылмыш иши жабылганын, жалданмачылар жоопко тартылбай турганын билдирген.
Ал эми бүгүн, 26-июнда "Коммерсант" гезити кылмыш ишин козгоо чечими жокко чыгарыла электигин, козголоң боюнча тергөө уланып жатканын билдирди.
Булак: NazarNews.kg