www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин Нью-Делиде өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитие онлайн форматта катышты. Өз сөзүндө ал "Вагнер" жеке аскердик компаниянын көтөрүлүшү учурунда колдогону үчүн уюмдун өлкөлөрүнө ыраазычылык билдирди.

«Орусия тышкы кысымдарга, санкцияларга жана чагымдарга ишенимдүү түрдө туруштук берип жатат, туруштук бере берет жана азыркы кырдаалда өлкөбүз ырааттуу өнүгүүсүн улантууда. Орус эли мурда болуп көрбөгөндөй бекемделип, орустун саясий чөйрөлөрүнүн, бүткүл коомчулугунун тилектештигин жана Ата Мекенинин тагдыры үчүн жогорку жоопкерчилигин куралдуу козголоң аракетине каршы бирдиктүү фронт болуп чыгуу менен ачык-айкын көрсөттү. Учурдан пайдаланып, Россиянын жетекчилигинин конституциялык түзүлүштү, жарандардын өмүрүн жана коопсуздугун коргоо боюнча иш-аракеттерин колдоорун билдирген ШКУ өлкөлөрүндөгү кесиптештериме ыраазычылык билдиргим келет. Биз муну абдан жогору баалайбыз», - деди президент.

Владимир Путин белгилегендей, азыр Орусияга каршы болуп көрбөгөндөй масштабдагы санкциялар киргизилген. Бул чектөөлөр, президенттин айтымында, мыйзамсыз. Ал кошуна Украинадан узак убакыт бою “антиорусиялык” душман мамлекет түзүлгөнүн билдирди. «Сегиз жыл бою алар курал-жарак менен толтурулуп, Донбасстын карапайым калкына каршы агрессияны колдошту жана неонацисттик идеологияны жайылтууга бардык жолдор менен киришти. Мунун баары Орусиянын коопсуздугуна шек келтирүү, өлкөбүздүн өнүгүүсүн артка тартуу үчүн», - деди ал.

Ошол эле учурда Владимир Путин ШКУ эл аралык укукка жана эгемен мамлекеттердин өз ара урматтоо кызматташтыгынын принциптерине негизделген, БУУ ролун координациялоо менен “чыныгы адилеттүү дүйнөлүк тартипти” калыптандырууга умтуларын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости