www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Альфа Телеком" (Mega) ЖАК боюнча мамлекеттин пландары өзгөргөн жок. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирет.
"Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат.
Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин мурдагы "Мегаком" азыркы аталышы "Меганын" («Альфа Телеком» ЖАКсын) сатыкка коюлганы маалымдалган. Баштапкы баасы 14 600 000 000 (он төрт миллиард алты жүз миллион) сомдон башталган.
"Арыздарды кабыл алуу бүгүн – 2023-жылдын 4-июлунда Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө башталды. Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 2023-жылдын 2-октябрында Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө бүтөт", - деп кабарланган.
Булак: NazarNews.kg