www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сөз жок, генийлердин сүрөттөрүнөн биз күч алабыз, анткени сүрөттөгү улуу таланттардын керемет магиясына арбалабыз. Анда эмнеге эч ким тааныбаган эле провинциялык сүрөтчүнүн сүрөтү ушунчалык катуу таасирин көрүүчүлөргө тийгизди? өнөр таануучулардын ою боюнча, ал сүрөттөрдүн эч кандай деле баалуулугу жок. Сүрөтчү сүрөт тартканды окуп үйрөнгөн эмес, ал өзү үчүн эле тартып баштаган.

Анын сөзү боюнча, ал сюжетти дароо көрөт, келип чыккан образды бардык деталдар жана кошумча түстөр менен холстко түшүрөт. Айрым сүрөтчүлөр өздөрүнүн тарткан сүрөттөрүн көрүүчүлөргө кызыктай таасир берээрин билип, досторуна белекке берүүдөн качышат. Жада калса өзүнүн бөлмөсүнө өзү тарткан сүрөттөрүн илгенден коркушат. Алар сүрөттөрүн ороп, көрбегөндөй кылып катып салышат.

Көзү ачыктардын пикирине караганда, ушундай сүрөттөр энергиялык вампир деп саналат. Ошондой сүрөттө көрүүчүлөрдү ачык образдары менен кызыктырып, анан бакыракай көздөрү менен адамдын энергиясын сорот. Акырында анын жанындагы турган адам, же күчүн жоготуп ары басат, же болбосо эс үчүн жоготуп кулап калышы ыктымал. Комаровдун сүрөттөрү галлереяда турган жалгыз вампир-сүрөт эмес. Адамга таасирин тийгизген сүрөттөрдү дагы көптөгөн сүрөтчүлөр тартышат деп айтса болот.

Бирок авторлордун өздөрүн энергия соргон вампирлер деп айтууга болбойт, алар кээде өзүлөрү дагы сүрөттөрдүн көрүүчүлөргө тийгизген таасирин байкабай калышат. Биоэнерготерапевттер, көзү ачыктар жана биолокациянын операторлору сүрөттүн четтериндеги жээктердин жардамы менен андай вампир сүрөттөрдү жеңил эле таап коюшат. Бул тууралуу маалыматты "Сырдуу дүйнө" гезитинен алып NazarNews.kg маалымат агенттиги шилтеме жасады. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости