www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вандалдар булгап кеткен Гапар Айтиевдин эстелиги тазаланды

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Гапар Айтиевдин мемориалдык тактасындагы сырды жууп тазалашты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, буга чейин Facebook колдонуучусу улуу сүрөтчү жашаган үйдүн сыртындагы Гапар Айтиевдин мемориалдык тактасын боёп кетишкендиги тууралуу билдирген.

Гапар Айтиевич Айтиев (1912, Ош облусу – 1984) – кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү, кыргыз улуттук профессионал сүрөт искусствосунун негиздөөчүлөрүнүн бири. Социалисттик эмгектин баатыры (1982). СССР эл сүрөтчүсү (1971).  Тилекке каршы, барельеф жабыркаган үй Гапар Айтиевдин уулдарынын биринин жеке менчигинде. Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы үйдү коргоого ала албайт.

Аталган дарекке «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери дароо барып, эстеликти жууп тазалашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости