www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болгариялык төлгөчү Ванга 2022-жылы Россия АКШ менен мамилесин толук үзөт деп айткан. Орусия Федерациясы менен АКШнын ортосундагы мамиле курчуп кетиши мүмкүн. Анын айтыма ылайык Орусия Федерациясы менен АКШнын ортосундагы мамилеле жогорку чекке жетип, 2022-жылдан кийин калыбына келет. Ошого карабастан дүйнөлүк согуш болбойт деп айтылат.

1996-жылы каза болгон Ванганын Орусия тууралуу көптөгөн билдирүүлөрү бар. Алардын бир тобу ишке ашты. Кезинде Ванга Сталиндин өлүмүн, Чернобыль АЭСиндеги аварияны, президенттик шайлоодо Борис Ельциндин жеңишин жана 11-сентябрдагы чабуулдарды алдын ала айткан деп эсептешет.

Коронавирус пандемиясына токтолсок, келерки жылы адамзат Сибирден жаңы вирустун келишин күтүп жатат. Бул оору көптөн бери муз абалында тоңуп турган. Бирок климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу ал муздун астынан чыгыш мүмкүн.

Ал эми келерки жылы дүйнө кургакчылыктан жапа чегет. Ванга жер шарынын ар кайсы шаарларында ичүүчү суунун жетишсиздигин болжогон. Ал эми Индиянын эли катуу ысыктан улам ачарчылыкка туш болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости