www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-сентябрда Бишкек шаар соту "Вефа" соода борборун имаратын камакка алуу тууралуу Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча доо арызды кароону баштайт. Өткөн жумада аталган соода борборунда иштеген ижарачылар жана жумушчулар бийликке кайрылып, укуктарын коргоп берүүнү өтүнүшкөн. Алардын маалыматына караганда имаратта 200дөн ашуун ижарачы, миңден ашуун кызматкерлер бар.

Белгилей кетсек, 7-сентябрда райондук сот «Вефа» борборунун имаратын камакка коюп, «Аруу жылдыз» компаниясына борбордогу кыймылсыз мүлктү колдонууга тыюу салган.

Эске салсак, «Вефа» соода борборуна ээлик кылган «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коому түрк өкмөтүнө караштуу «Өзгүн Иншаат Таахют ве Тижарет» компаниясы менен үч жылдан бери соттошуп келет. Талаш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда үчүнчү айлампада каралууда. Түркиялык компания менен «Аруу Жылдыз» жоопкерчилиги чектелген коомунун талашына байланыштуу иш райондук, шаардык сотто каралган. Жогорку сотко эки жолу барып, кайра артка кайтарылган.

Түркиялык «Өзгүн Иншаат» компаниясы 2016-жылкы соода борбору алды-сатты келишими мыйзам бузуу менен түзүлгөнүн билдирип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости