www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бул кылмыш иши Июнь окуяларын биротоло аягына чыгаруу эмес, оппозиционерлерге карата эскертүү, «бутун тушоо, тилин кысартуу» функцияларын аткарат окшойт», - деди бүгүн, 23-майда NazarNews маалымат агенттигине профессор Венера Акматова.

- Каргашалуу июнь окуясы боюнча Убактылуу Өкмөттүн үч мүчөсүнө айып тагылды.  Бирок, алар өз чындыгын далилдерин, бул иш саясат жыттанып жатканын айтышууда. Каргашалуу июнь окуясы иликтенип баштаганы туура болдубу же эски жараны ырбатпай эле койгон туура беле?

- Каргашалуу июнь окуясын териштирүү максатында өз учурунда атайын мамлекеттик жана көз карандысыз эл аралык комиссия иштеген. Жыйынтыгы чыккандай болгон.

Тилекке каршы, андан бери 10 жылдан ашык убакыт өтсө да, кыргыз элинин тарыхындагы эӊ трагедиялуу окуяга чекит коюлган жок. Чыныгы күнөөлүү адамдар чет өлкөгө качып кетишти, азыр алардын аттары деле аталбай калды, изин суутуп кетишти.

«Чыныгы ууру кутулуп, түбүн жалаган тутулуп» калгандай. Мен муну менен ошол мезгилдеги жооптуу кызмат ордун ээлеген адамдарды актагым келбейт.

Бирок, чыныгы сепаратисттер менен экстремисттер кармалып, жазасы берилбей калганынын ачык далили, кылмыштуу окуяны уюштуруунун башында турган К.Батыровго ЕККУнун бийик трибунасынан сөз берилип, Кыргызстанды бир беткей күнөөлөп сүйлөгөндүгүн баарыбыз укканбыз. Анын жанында биздин эле укук коргоочулар отурушканын да көргөнбүз. Оор кылмышкер Азимжан Аскаровдун тагдырына беделүү эл аралык уюмдар канча киришти.

Бул эки аты аталган адамдардын көзү өтүп кетип, аларга байланыштуу чуулгандуу иштер бас-бастап калды дейли, кылмыштуу окуянын Алишер Сабиров, Иномжан Абдурасулов, Карамат Абдуллаева сыяктуу башка «атамандары» каякта!?

Кыргыз бийлиги чыныгы айыпкерлерди кармап, жазасын бергендин ордуна, он жылдан кийин кайсы бир деӊгээлде укуктук баасын алган окуяга кайра кайрылып, Убактылуу Өкмөттүн оппозициялык маанайдагы өкүлдөрү И.Исаков, Б.Асанов, К.Дүйшөбаевге кайрадан кылмыш ишинин козголушу, алыстан кылтак ыргытып коюп, катуураак бассаӊар кылтакка чалынып жыгыласыӊар дегендей таасир калтырып жатат.

Ошондуктан, он жыл мурдагы жасалган кылмышка чекит коё албаган укук органдары, азыр биротоло аягына чыгарат деп ишене албайм. Толукпу-толук эмеспи кайгылуу ал иштер кайсы бир деӊгээлде укуктук жактан өз баасын алган.

- Июнь окуясынын от алышына салым кошкон тышкы күчтөр Орто Азияны башкарууну каалады беле? Анткени, бул окуянын артында чоң мамлекеттердин кызыкчылыгы, эл аралык жана тышкы саясат да бар деген маалыматтар көп айтылат го?

- Июнь окуяларынын чыгышында сөзсүз тышкы күчтөрдүн таасири бар. Бирок, кимдин, кайсы өлкөнүн, кандай таасири бар экендигин ачык айтып, баасын берүү дайыма эле мүмкүн эмес жана абдан татаал.

Ошол учурда деле, азыр деле андай коркунучтардан Кыргызстан арылып кеткен жок. Анан калса өлкөнүн ичинде олку-солкулуктар күчөгөн учурда дайыма расмий жана бейрасмий тышкы күчтөр өз кызыкчылыгына колдонуп кете турганы тарыхтын аксиомасы болуп калган.

Кыргызстанды эле эмес, жалпы Борбордук Азияны тополоӊдуу аймакка айлантуу коркунучтары бар. Дүйнөлүк геосаясаттын курчушуна байланыштуу окуялардын ар кандай өӊүттө өнүгүшүнө даяр болуу керек.

- Бул бийлик бул маселеге чекит коёбу же Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн гана жазалайбы? Анткени алар өч алуу башталды деген коңгуроо кагып жатышат го?

- Тилекке каршы, Июнь коогалаӊына биротоло чекит коюу үчүн объективдүү, узакка созулган, тыкыр иликтөөлөр талап кылынат. Абдан күчтүү тергөөчүлөрдүн эмгеги, убактысы керек. Азыркы бийлик биротоло чекит коёт деп так кесе айтуу кыйын. Анан калса, азыркыдай геосаясий оор кырдаалда тышкы күчтөрдүн изи түшкөн окуяларга жыйынтык баа берүүгө дегеле мүмкүн эмес.

Ошондуктан, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн дооматынын негизи бар, анан калса оппозициялык маанайдагы өкүлдөрүнө гана кылмыш ишинин козголушу бул күмөн саноону андан ары күчөтөт.

Бул кылмыш ишинин козголушу – Июнь окуяларын биротоло аягына чыгарып, адилет баасын берүү эмес, оппозиционерлерге карата эскертүү, «бутун тушоо, тилин кысартуу» функцияларын аткарат окшойт.

Менин жеке каалоомдо, бийлик бүт потенциалын чек ара маселесин чечүү, ички жана тышкы коопсуздукту чыӊдоо, азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу, диний экстремизмдин алдын алуу ж.б. сыяктуу эӊ актуалдуу, кечиктирилгис көйгөйлөрдү чечүүгө жумшаса жакшы болмок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости