www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-майда Дачи СУ каргашасын иликтеген коомдук комиссиянын отуруму өтүп, анда Ички иштер министрлигинин өкүлү, тергөө тобунун башчысы Максат Мусаев маалымат берди.

Ага ылайык, 2017-жылы 16-январда Гонконгдон Ыстамбулга баратып, Бишкекке май куюуга конуп кырсыкка учураган учакта турмуш-тиричилик техникалык буюмдары жана электроника болуп, жалпы 85 тонналык жүк ташылып бараткан.

“85 тоннадан ашык жүктөн болгону 600 килограммдан ашыгыраак гана жүк калган. 120 тонна авиакеросин Гонконгдон Ыстамбулга жетмек. Бирок учак арзан керосин куюш үчүн Бишкекке конгон”, -деди окуяны тергөө тобунан башчысы.

Учакта товарлар башка өлкөгө алынып бара жаткан, арасынан жардыруучу заттар болбогону тергөөдө аныкталган. Кырсыкка байланыштуу кылмышка шектүүлөр аныкталбагандыктан иш жабылган. Учак "экипаждын катачылыгынан улам учуу траекториясынан чыгып кеткен" деген техникалык тыянак чыккан.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн коомдук комиссия 12-майда алгачкы жыйынга чогулган жана анда ишин уюштурууга байланыштуу маселелер талкууланып, такталган.

Мындан беш жыл мурда Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дачи СУ конушуна Гонконгдон Ыстамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Анда 85 тоннадан ашык жүк болгон.
Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч каза тапкан.

Кырсыктык алгачкы күнүнөн тартып эле кырсыктын себеби, учактагы жүктүн ээси, адамдарды куткаруу учурундагы аракеттерге байланыштуу бир топ суроо жаралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости