www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси жана Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун колдоосу менен Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы" жөнүндө жарлыгынын алкагында "Куттуу эл" биринчи улуттук форуму өткөрүлдү.

Ал ата-баба табериги, улуттук идеялар, элдик каада-салт, адамдык нарк-насил, жаштарга терең билим жана таалим-тарбия берүү, дени сак муунду өстүрүү сындуу бир катар орчундуу маселелерди талкуулоого арналган.

Форумга мамлекеттик органдардын жетекчилери, окумуштуулар менен эксперттер, саясатчылар менен ишкерлер, жаштар уюмдары менен жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Ошондон улам, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов иш-чара жүрүшүндө айтылган ой-пикирлерди, берилген сунуштарды өз макаласы менен жыйынтыктап коюуну туура тапты.

Чынын айтыш керек, "Куттуу эл" биринчи улуттук форумунун өтүшү өтө маанилүү жана кубанычтуу окуялардын бири болду. Ушуну менен улуттубуздун келечек тагдырын ачык-айкын талкуулай турган дагы бир жалпы элдик аянтча түзүлдү десек болот. "Беш манжа бөлөк – билек бир, Беш адам бөлөк – тилек бир" дейт, анысы кандай, биздин билегибиз дагы, тилегибиз дагы бир кишилерденбиз.

Жалпы улуттук деңгээлдеги "Куттуу эл" форумунун Ош жергесинде өтүп жатышы бекеринен эмес. Ал барга-жокко түтүмдүү, бири-бирине күйүмдүү, көп улуттун өкүлдөрүнөн турган калкы менен айырмаланат. 500 миңден ашуун калкы, 3000 жылдан ашуун тарых-таржымалы, Сулайман тоодой байыркы ыйык жайы, Ак-Буурадай агымы артык дарыясы бар Ош шаары – Кыргызстандын түштүк борбору.

Ош шаары байыртан эле дүйнөлүк карым-катынаштын күрөө тамыры болуп саналган Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашкан. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстандын түштүк борборун Борбордук Азиянын жүрөк толтосу десек эч жаңылбайбыз. Ошону менен бирге, Ош шаары 2019-жылы ТҮРКСОЙ уюмунун чечими менен Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланган.

Азыр дүйнө тынч эмес, ал кескин өзгөрүп жатат. Мындай карама-каршылыктардын көбү байыртан келаткан руханий баалуулуктарга маани берилбей калганынан, таалим-тарбиянын солгундап кеткенинен, адеп-актык мамилелердин бузулганынан, адамдык нарк-насилдин төмөндөгөнүнөн улам келип чыгат. Адамзаттын түбөлүктүү баалуулуктары күнүмдүк материалдык кызыкчылыктардын көлөкөсүндө калды, улам четке сүрүлүп барат.

Албетте, жарандарыбыздын жандүйнөсүндө келечекке карата илгери үмүтү менен кошо, айрым күмөн саноолор, күмөндүү суроолор, күйпөлөк ойлор да жаралбай койбойт. Анткени, жарандардын күнүмдүк күтүүлөрү жашаган коомдук чөйрөсүнө, койгон максаттарына жараша калыптанат. Ошондон улам, жаран мамлекеттен тигиндей же мындай аракеттерди күтө турганы – мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Ал эми биримдикти, ырашкерликти туу туткан, өз мамлекетине ишеним арткан элибиз мамлекеттен акыйкаттыкты, коргоону, коопсуздукту, аяр мамилени күтөт, алар аткарылбаса – талап кылат. Бул – өз ара тутумдаш нерсе, акыйкат талап! Жаран коомдон тышкары жашай албайт. Мамлекет дагы коомдун алакасысыз жашай албайт. Бардык жактар муну эстен чыгарбашы керек.

Нарк-насил, руханий баалуулуктар жөнүндө. Президентибиз Садыр Жапаров бекеринен өзүнүн мамлекет башчысы катары эӊ алгачкы кадамын "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгын кабыл алуудан баштаган жок. Ал киши дүйнөлүк тендециянын, анын ичинде кыргыз коомчулугунун канчалык деӊгээлде деградацияга учурап жатканын астыртан баамдаган чыгар.

Өөдүк-сөөдүк сүйлөнгөндөн башкага жарабаган, эзели кургак сөз менен куру убададан арылбаган, өз алдынча акыл тегерете албаган, күнүмдүк жашоодо чабал адамдар менен өнүккөн өлкөнү куруу мүмкүн эмес. Кыргызстандын бакубат келечеги – дени сак, акылы тунук, ак-караны ажырата билген, ар-намыстуу жана кайраттуу жарандардын колунда.

Биз буга чейин чачкын жана чаржайыт болуп келген улуттук идеологиябызды ордуна коюу аракетин жасап жатабыз. Башкы максат – Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоо, коомдун жашоо-турмушун турукташтыруу, өлкө коопсуздугун камсыз кылуу, өлкө экономикасын ар тараптуу өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу, ошондой эле илим-билимдүү, таалим-тарбиялуу, дени сак муундун өкүлдөрүн өстүрүү.

Улуттук эстутум: бабалардын баскан жол. Мен өзүм тарыхчы катары айтарым, улутту улут кылган, улут уркун узартып, улут наркын арттырган үч нерсе бар: Тарых!.. Тил!.. Маданият!.. Ушул үчөө өз ара эриш-аркак жуурулушканда, нечен кылымдар кыйырынан муундан-муунга таберик болуп келе жаткан ата-баба тарых-таржымалы менен салт-санаасы, акыл-парасаты менен адеп-актыгы келечекке ак кызматын үзгүлтүксүз өтөй алат. Ата-баба салтын тутпаган, наркын күтпөгөн адам баласынын арымы кыска, келечеги бүдөмүк болору анык.

"Устаранын мизинде оодарылган дүнүйө" деп Арстанбек акын айтмакчы, азыр дүйнө өзгөрүп жатат, биз дагы жакшы жагына өзгөрүшүбүз керек, ансыз болбойт. Биздин алдыбызда эң опурталдуу төрт коркунуч турат: босогодо сагалап турган дүйнөлүк согуш, дүйнөлүк климаттын кескин өзгөрүшү, экологиялык кырсыктар, техногендик капсалаңдар. Ал келечекте адам баласы жашайбы же жашабайбы деген маселени кабыргасынан коюп салды. Такаат бере алар бекенбиз?..

Дүйнөдө тарыхый таржымалы биздикинен да кыйла узак элдер бар, бирок 30 кылымдан ашуун "кыргыз" сындуу өзүнүн көөнө атын сактап келген калк чанда, жокко эсе десек да болот.Андан бери дүйнөдө канчалаган ири империялар кыйрады, канчалаган элдин мамлекеттүүлүгү жоюлуп, өзүнүн улуттук иденттүүлүгүн жоготту, эне тили өлүү тилге айланды. Азыркыдай аламдашуу доорунда кыргыз сындуу чакан калкты анын кесепетинен улуттук эстутум гана сактай алат.

Улуттук нарк жөнүндө. 2022-жылдын 21-майында Президент Садыр Жапаров элибиз көптөн күткөн "Улуттук нарк жөнүндө" жарлыгына кол койду. Муну биз анын "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын ырааттуу уландысы катары кабыл алсак болот.

Улуттук нарк адамзаттын руханий казынасынын кайталангыс табылгасы болуп саналат. Ал улуттук-этникалык маданияттардын көп түрдүү биримдигинен түзүлөт. Жаратылыштагы биоартүрдүүлүк сыяктуу эле адамзат коомундагы социомаданий ар түрдүүлүк да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондон улам, ал жалпы адамзаттык баалуулуктардын катарына кирип, этностор ортосундагы ынтымакты шитерүүчү күчкө ээ.

Улуттук нарк кылымдар бою мезгил сынынан өтүп, заман талабына жараша улам толукталып, улам бекемделип жүрүп отурган. Тээ Манас атанын доорунда эле жаралып, азыркы учурга чейин өз маанисин жоготпой келе жаткан "Кан бийлигинен нарк күчтүү", "Эрден өтмөк бар – элден өтмөк жок" деген өңдүү накыл сөздөр улуттук нарк-насилдин таасири эӊ жогорку деӊгээлге чейин көтөрүлгөнүн көрсөтүп турат.

Дүйнөлүк аргандай чакырыктар баш көтөрүп, көптөгөн экологиялык жана техногендик коркунучтар күч алган азыркы заманда кыргыз эли дүйнөлүк ааламдашуу агымына өз жүзүн жоготпой, нукура улуттук салт-санаасы, улуттук нарк-насили, ата-баба табериги менен кошулууга тийиш. Ансыз көптөгөн асыл нерселерибизден ажырап калган болбобуз.

Саясий маданият же мааданият жөнүндө. Саясий маданият жаатында көйгөйлөр көп. Ал адам баласынын калыптанып калган баалуулуктарынын, ички ынанымдарынын, жүрүм-турум жол-жоболорунун турукташкан тутуму болуп саналат. Анын деградацияланышы адамдын же адамдар тобунун, же болбосо кайсы бир коомчулук катмарынын сергек ой жүгүртүү жөндөмүнүн бузулушуна алып келет.

Саясий маданият адам баласынын өз кертбашына, жеке көз карашына карата ынанымын, адамдын башка адамдар менен болгон мамилесин, адамдын коомчулук арасындагы ордун аныктайт. Ошентип, саясий маданият мамлекеттик идеологиянын да, улуттук идеологиянын да ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат.

Кыргыз эли – жалпы адамзаттын, дүйнөлүк цивилизациянын ажыргыс бир бөлүгү, андан четте калууга акыбыз жок. Биз жалпы адамзат дүйнөсүнө нечендеген кылымдардын сыноосунан тайгылбай өткөн улуттук өзгөчөлүгбүздү, ата-бабабыздын нарт-насилин, улуттук салт-санаабызды, маданий жана руханий баалуулуктарыбызды сактоо менен кирип, өзүбүздүн татыктуу ордубузду табууга тийишпиз.

Маселен, илгертен "Кой кокуй, эл укса эмне дейт" деп, элдик пикирден сестенип, өзүбүздү аргандай жоболоңдуу жорук-жосундан алыс кармап келгенбиз. Азыр аныбыз керкакшык менен кекерлүү сүйлөгөн айрым бир немелердин "Андан көрө эл эмне жейт дебейби. Элдин эмне иши бар, эмне десе десе ошо дей берсин, эмне жесе ошону жей берсин" дегендей наадануят шакабасына айлантып тындык.

Билими бар миңди жыгат, билими жок кимди жыгат? Кезинде улуу ойчул Папандреу аксакал минтип айткан экен: "Өлкөң бай болуп, элиң билимсиз болсо – жаман. Өлкөң бай болуп, элиң билимдүү болсо – жакшы. Өлкөң жарды болуп, элиң билимдүү болсо – ага деле чыдоого болот. Ал эми өлкөң жарды болуп, элиң билимсиз болсо – андан өткөн кордук жок!". Калетсиз сөз. Ар бир кыргыз жараны жеке өзүнүн акыл-парасат деӊгээлин көтөрүү аракетин жасашы керек.

Дагы бир мисал. Түштүк Африканын эң ири окуу жайларынын бири Стелленбосс университетинин кире беришиндеги тактада минтип жазылган экен: "Тигил же бул улутту жок кылуу үчүн атом бомбасы менен сокку уруунун деле кажети жок. Болгону, билим берүүнүн сапатын жоготуу эле жетиштүү. Дал ушундай жол менен окууну бүткөн дарыгерлердин колунан бейтаптар ажал табат. Дал ушундай инженерлер курган имараттар кыйроого учурайт. Дал ушундай экономисттердин айынан казына толбойт. Дал ушундай судьялар адилеттик кылбайт. Ошентип, билим берүү тармагынын кыйрашы – улуттун жоголушуна алып келет!". Кандай гана таасын сөз! Биз муну өз башыбыздан өткөрдүк да, туурабы?

Азыр билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурула баштаганы – жакшы жөрөлгө. Кыргызстанда эӊ көп каражат билим берүү тармагына бөлүнөт. Ал орто эсеп менен ички дүӊ өнүмдүн 7 пайызын же мамлекеттик бюджеттин 23 пайызын түзөт. Мисалы, ал 2021-жылы дээрлик 40 млрд сомго чейин жетти.

Билим берүү эң ири тармак, тагыраак айтканда, ага 1 млн 600 миӊден ашуун адам тартылган. Бул – зор күч. Билимдүү адам – биздин эң башкы байлыгыбыз. Ансыз ааламдашуу доорундагы адамзат болочогун элестетүү мүмкүн эмес. Алдыда эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен, билим берүүнүн алдыңкы усулдарын өздөштүрүү, аны жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүү милдети турат.

Жаштар – өлкөнүн башкы таянычы. Калктын 18 пайызын жаштар түзөт, башкача айтканда, бизде 14-28 жаштагы 1 млн 18 миң адам бар. Кезинде ыраматылык акын Жолон Мамытов "Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, Айлансын ар бир уулуң чагылганга!" деп жазган экен. Ушундай эле тилекти Президентибиз Садыр Жапаров дагы андан ары улап: "Жаштар – элдин үмүтү жана ишеничи. Жаштар – эң негизги жана бөксөргүс байлыгыбыз" деп баса белгилегени баарыбызга маалым.

Мамлекеттин жаштарга өзгөчө көңүл буруп, алардын келечегине кам көрүп жатканы бекеринен эмес. Жаштар – өлкөнүн башкы таянычы. Кыргызстандын бакубат келечеги – дени сак, акылы тунук, ак-караны ажырата билген, ар-намыстуу, улууну урматтап, кичүүнү сыйлай билген жаштардын колунда. Ошондуктан, аларга илгери үмүт байлап, чоӊ ишеним артылууда.

Мамлекеттик түзүлүш тууралуу. Кезинде түрк урууларынан куралган хунну бирлигинин башында туруп, Рим империясынын чегине чейин жортуул жасап, тарыхта өчпөс изин калтырган айтылуу Аттила жолбашчы – Адил кан бабабыз минтип айткан дешет: "Баатыры миң, бийи бир эл – өсөт, баатыры бир, бийи миң эл – өлөт!". Муну эгерим эстен чыгарбайлы. Бизге өткөн 30 жылдын сабагы жетиштүү эле болду окшойт.

Президентибиз Садыр Жапаров баштаган жаңы бийлик 30 жылда жедеп чирип бүткөн бийлик тутумун өз ордуна койду. Муну эч ким таналбас. Баш мыйзам кабыл алынды, сот, прокуратура, өкмөт, жергиликтүү бийликтер жөнүндө мыйзамдар жаңы баш мыйзамга ылайык келтирилди, эки жолу референдум өткөрүлдү, президенттик, парламенттик, жергиликтүү шайлоолор болду. Ушунун баары бир жылда бүткөрүлдү.

Саясый күчтөрдүн, бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталганда – эл эрки чечүүчү мааниге ээ болот. Эгер өлкөдөгү кайра курумдар жаатындагы демилгелер эл тарабынан колдоого ээ болбосо, анда анын келечеги болбойт. Кандай гана мыкты деген чечимдер кабыл алынбасын, алардын ишке ашуусу күмөн.

Бул мамлекеттик бийлик жоопкерчиликти өзүнөн алып, коомчулукка арта салып жатат деген сөз эмес. Албетте, бийлик коомчулуктун үнүнө кулак салып, көңүл төшөөгө милдеттүү. Ошол эле учурда, коомчулук да бийликти курулай сындап отура бербей, аргандай көйгөйлөрдү чечүү жолдорун сунуш кылганы оң.

Баарына тегиз жакшы көрүнүү кыйын: бирине жаксаң – бирине жакпайсың. Бири жакшы көргөн үчүн – башка бирөө жаман көрөт, бири жаман көргөн үчүн – дагы бирөө жакшы көрөт. Табият мыйзамы ушундай. Муну бийлик дагы, эл дагы эгерим эстен чыгарбашы керек.

"Куш канаты менен учат – куйругу менен конот". Кыргызда ушундай бир накыл кеп бар. Анысы кандай, жарандык укук менен жарандык милдет – куштун кош канатындай ажырагыс түшүнүк. Демек, жарандарыбыз жалаӊ өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарынын сакталышын эле талап кылбай, өздөрүнүн мамлекет жана коомчулук алдындагы милдеттерин да унутта калтырбашы керек.

Албетте, азыркы ааламдашуу доорунда жалпы адамзаттын өнүгүү жолунан четте калууга акыбыз жок. Бирок, биз ал көчкө өз жүзүбүз менен кошулууга тийишпиз. Башка элдердин дагы жакшы жактарын, мыкты салттарын үйрөнүшүбүз керек, ансыз болбойт. Бирок, алар өйдө-төмөн сүрүлүп өгөйлөнбөй, биздин улуттук өзгөчөлүктөрүбүз менен баалуулуктарыбызга шайкеш келүүгө тийиш.

Бизге жалпы улуттук деӊгээлдеги, калкыбыздын биримдигин, анын ар жаранынын жашоо маӊызын аныктай алган идеялар керек. Бул – өтө татаал милдет, бирок чечүүгө болот. Бизде башкы бир идея болушу керек: кыргыз мамлекети кайсы жолдо, кандай шартта өнүгө алат деген. Мына ушул суроого туура жооп таба алсак, анда ошол жол улуттук өнүгүүнүн негизги чыйыры болуп саналат.

Акелерден накыл кеп. Кыдыр аке айыл аксакалдары менен дөңсөөдө отурса, жоон топ атчан келаткан экен. Кыдыр акенин назары ак боз ат минген келишкен бир азаматка түшүп:

- Капырай, береги кайсы жигит, кармашканын алгандай, калк бийлеген зардалдай экен, - дейт.

- Жаркыктык, ал сенин өз балаң Дөгөчү эмеспи, - дешти отургандар.

- Алда катыгүн ай, кара көзүм кашайган тура, болбостур, - деп кейиптир анда Кыдыр аке.

Дөгөчү куландан соо келип үйгө түшөт. Көз тийип калбасын деп чочулаган Кыдыр аке уулуна сары улакты садага чаптырат. Күүгүм талаш Дөгөчү башым деп жыгылат.

Эртеси шашке ченде Кыдыр акенин үйүнө кадырлуу коноктор келип калып, аларга арнап тай союлат. Меймандарга тамак тартылып жатканда Дөгөчү чыдабай чабалактап жатып жан берет. Кыдыр аке баласына өзү ыйман айтып, үйүндөгүлөрдүн ыйын тыйып, коноктор тамак ичип бүтмөйүнчө бириң кың дебейсиң деп, катуу буйрук берет.

Өзү комузун колуна алып "Кыдырдын күүсү" деген күүсүн муңкантып черте баштайт. Комуз күүсү муңканып, теребел кейиштүү арманга чөмүлгөндүктөн, айлана тым-тырс.

Коноктордун ичинен бир кыраакы адам: «Бул комуз шумдукту кабарлап жатат, ал уулунан ажырады», - деп шыбырады. Коноктор шашып аттанып, бир аз бара түшүп, кайра өкүрүп түшкөн экен...

Адамдын жандүйнөсү төрт алкактан турат экен: дил, дит, ниет, пейил.

Дил – жандүйнөнүн өзөгү. Дил ар бир адамга таандык ички дүйнөсүнүн деңгээли. Дилден чыккан нерсе баарынан күчтүү.

Дит – адамдын көңүлүнө тийиштүү сапат. Дит койгон адам окуянын, сөздүн, күчтүн тереңине жете алат.

Ниет – адам баласынын туруктуу ой жүгүртүүсүнө таасир берүүчү сезим жана адам баласынынын кыялына, жүрүм-турумуна багыт берүүчү күчтүү сезим алкагы.

Пейил – адамдын тууралыгында турган алкак. Адамдын тууралыгы – анын багытына, сезим-туюмуңа, жашоо кабылдоосуна негиз түзчү алкак.

Пейил тарыса, ниет бузулат, ниет бузулса, дил караят, дил карайса, адам кырсыктайт. Ар адамдын жолунда тоскоол болбой койбойт. Тоскоолго кез болгондо багынып бербей, үмүттүү жашаса, кыйынчылыкты чындап жеңет: пейилиң кенен болсун, ниетиң таза болсун, ишиң илгери болсун!..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости