www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уланбек Эгизбаев чындыкты мен үчүн, сиз үчүн, бардыгыбыз үчүн айткан. Чындыкты угуу жеңил, айтуу абдан оор, татаал. Чындыкты айтуу - инсандык эрдик!
Өзүңүзгө суроо берип көрүңүзчү, качандыр бир кезде, өмүрүңүздө бир жолу чындыкты жалтанбай айтып, күрөшүп көрдүңүз беле? Чындыктын тузу оор, көп учурда сынат (кара жемсөөлөр сындырышат). Чындыкты айтуу ар кимдин эле колунан келе бербейт. Руху жетпейт!
Мен Уланды теледен гана көрчүмүн, таанышып, сүйлөшүп көргөн эмесмин. Бирок анын ар бир берүүсүндөгү кара жемсөөлөрдүн бетин сыйрыган курчтугунун артында канча бир кайрат-күч, эрк, чымыркануу, жалтанбаган эр жүрөктүк жатканын көрчүмүн! Ар бир берүүсүнөн кийин канча бир жек көргөндөрү көбөйүп, душман арттырып жатканын өзү да билчү, бирок ал жалтанган жок.
Анын жан дилинин түпкүрүндө В. укшиндин "Кызыл чие" ("Калина красная") чыгармасынын каарманы айткандай "биз болбосок, кара жемсөөлөр бул жашоону ашап койбойбу" деген принцип туруп, кыргыз коомунун канабайрамын чыгара тебелеп-тепсеп, бөртүп-бөртүп таратып, талатып жиберип жаткандар өтө көбөйүп, орун-очок алып, тергө өтүп кеткенин көрүп, көөнү тынбады, каршы күрөштү. Тек гана пассивдүү байкоочу боло алган жок.
Эмне үчүн чындыкты айтуу ушунчалык оор? Айрыкча азыр оор. Анткени кылтыйтып арамзаланып, артыңдан келип бычак сайган эки жүздүү, принциби жокторду - "акылдуу, кылдат, сезимтал" деп, элдин, мамлекеттин байлыгын уурдап байыгандарды - "эпчил, турмушка жөндөмдүү" деп, кошоматчы, саткындарды "кыйынчылыктан жол таап кеткен көрөгөч, билерман, ошон үчүн кызматынан кол жуубай келе жатат, чоңоюп-өсүп жатат" деп сыйлап төргө өткөрүп, той-ашта ошолорго биринчи сөз берип ("Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн"), балдарыбызга ошолордун батасын алып берип жүргөнүбүз жалганбы?
Ырыс кеcep, саткын, кошоматчы мителер кыргыз коомунун канын билдирбей соруп жатса да, аларды биз өзүбүз "жакшыларга" кошуп жатканыбыз жалганбы? Чындыкты чыркырап айтып, таза, бирок жупуну жашаган адамдарды колунан келбеген, акыл-эси ордунда эмес, жашаганды билбеген бир байкуш катары санаганыбыз чын да!
Дагы жакшы, арабызда ушундай адамдар бар экенине каниет кылалы (аттиң, эрте өтүп кеткенин карачы)! "Кыргыз жигиттери жалтанбаган эр жүрөк" деген сөздү иш жүзүндө далилдеди. Канча бир саясатчынын "эл үчүн иштейли", "элди ойлойлу", "тарых кечирбейт", "кыргыз эли кечирбейт" деген пафостук сөздөрүн жогорку трибунадан угуп эле жүрөбүз. Уга берип бул сөздөр кадыресе сөздөргө айланып деле кетти. Ушинтип айткан адамдардын көбү элдин ырысын жеген ууру экени да айгине болуп жатат. Жылтылдап эл астында башканы сүйлөп, билгизбей элдин ырысын уурдап жатышканы канча?
Менин түшүнүгүмдө коррупция, кыргызча айтканда жемкорлук - бул Мекенди сатуу менен барабар. Мекенди тыштан душман келгенде эле коргобойт, анын ичинен иритип-чиритип кертип жеп жаткандарга каршы күрөш андан оор, андан татаал. Мекенди ички душмандардан коргош керек! Анткени өзүң аралашып, таанышып, чогуу жашаган адамдар менен күрөшүү, аларга каршы чыгуу Одиссейдин жазмышынан да оор.
Жаш болсо да ушунчалык жүктү көтөрө алган Уланбек чынында азамат экен! Кыргыз коомунда Уланбек сыяктуу чындык үчүн күрөшүп, сынбаган, анын айынан темир тор артында отурган адамдардын бири - Өмүрбек Текебаев. Мен бул адамдын жакыны, таанышы, партиялашы эмесмин, жердешчилигим андан бетер жок. Коом өзү чайпалып, ала салып турганда инсан кемчиликке тирбей коймок беле? Анын кемчилиги тууралуу айтып-жазып эле келе жатышат. Бирок анын 20 жылдан ашык убакыт айтып келе жаткан чындыгы үчүн ыраазы болушубуз керек!
Анткени Улан, Өмүрбек сыяктуу жеке тынчтыгын, бакубат турмушун баталгага коюп, жемкорлордун, ырыс кесерлердин бетин ачуу - чыныгы инсандык эрдик! Мындай адамдарды баалап барктаганына жараша эл эл экендигин, журт экендигин көрсөтөт. Наркы канча экендигин, карманар-тутунар баалуулугу-ыйыктыгы кандай экенин, келечеги барбы-жокпу, ошону көрсөтөт.
Мелис Эшимкановдун "Асабасындагы" Алым Токтомушевдин, дагы башка журналисттердин макалаларын окуганда шыпшынып, туура айтып атканына ыраазы болчубуз. Анан калса алардын даярдаган макалалары 90-жылдары коомчулуктун бүйүрүн кызытып, ал тургай саясий атмосферага таасир этчү. Андан бери Уланбек Эгизбаевдин журналисттик иликтөөлөрүндөй жогорку кесипкөйлүк менен даярдалган, ашмалтайы чыгып бүткен кыргыз коомунун бетин сыйрыган берүүлөрдү, макалаларды окубай рухий дүлөй, дудук боло баштаган элек. Кыргыз интеллектуалдары көр тирликке биротоло жеңилип, кара курсактын кулуна айланып калгандай таасир калтырчу. (Дастан Сарыгулов бир кезде айткандай, "Кыргыз интеллигенциясы өлүү болуп көрдө жок, тирүү болуп жерде жок", же Салижан Жигитов айткандай, "Кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесине бүтүп калгандай").
Тиги же бул саясатчынын жоруктарын ашкерелеген айрым курч берүүлөр, макалалар даярдалып атты деңизчи, бирок атайын буйрутма менен аткарылганы билинип калчу. Ошондуктанбы, анын артынан сая түшкөн мамлекеттик орган деле болчу эмес. Айтылып, ошол бойдон унутта калып кетчү. Уландын акыркы айларда даярдаган берүүлөрү, менин көз карашымда, бүтүндөй бир парламенттин, коопсуздук органдарынын ишине тете болду. Кыргыз мамлекетинин коррупция деген жети баштуу желмогуз менен күрөшүндөгү эң курч, эң натыйжалуу баскычы болуп калды. Саясий куугунтуктардан жалтанып калган кыргыз журналисттерине дем берип, шыктандырды.
Кыргыз коомунда так ушул интеллигенция (жарандык коом эмес) инфантилдүү болуп калганын Өмүрбек Текебаевге каршы ар кандай "гейттердин" уюштурулушуна карата реакциясынан, Уландын азасынан ачык көрүндү. Эл алдына чыгып жүргөн айрым адамдардан гана сөзү, каза азасы байкалбаса, көпчүлүгү дымып калды. Демек, колу таза эмес, элдин ырысына кол салгандар арабызда абдан көп экен!
Андай куйгулар Манас өлгөндө деле ыйлашкан эмес. "Той берип, аш таратып жатыптыр" десе же "бир шоумен келиптир" десе күргүштөп жетип баргандар "Азаттыктын" кеңсесинин астындагы, туулган айылындагы аза тажиясына келген жок. Кана, элдин жакшылары? Көп адамдар (саясатчылар, депутаттар, коомдук ишмерлер ж. б.) барса болмок. "Барган-барбаганына эмне анча күйгүлтүккө түшүп жатасың?" дегендер чыгаар.
Бирок аны карап турган жаш муунга, "өз көмөчүнө күл тартпай эл үчүн жан үрөө, котур ташын койнуна катып, мүлтүлдөбөй чындыкты жалтанбай айтуу, башканын акысын жебей таза жашоо мыкты сапат экен, үлгү ала турган сапат экен, ушундай болсоң элдин алкышына ээ болот экенсиң, элге кызмат кылып, элге-жерге жагат экенсиң" деген сезим кийинки жаш муундардын жан сезимине уялаар беле деген эле ой.
Чындыкка багышталган реквиемимди, калп пафос эмес, дилимдин түпкүрүнөн чыккан сөздөр менен аяктагым келет: Мекенге кызмат кылуу деген ушундай болот! Элге-жерге өрнөк болуу деген ушул! Аз болсо да жарык өмүр сүрдү, көптүн бири болбоду. Ушундай уул тапкан ата-энесине, мектебине, айылына, Кочкор аймагына, мүлдө кыргыз элине рахмат!
Бул сөздөр Уланбек Эгизбаевге арналган "Чындык деп жанган өмүр" китебинен алынды.
Булак: NazarNews.kg