www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венесуэла өз жээктерине жакын жерде АКШ тарабынан мунай танкеринин конфискацияланышын «ачык тоноо» деп атап, бул ишти эл аралык инстанцияларга өткөрөрүн жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылды.

Маалыматка ылайык, Каракас АКШ бийликтери тарабынан танкердин тартып алынышын кескин айыптады.

«Боливар Республикасы Венесуэла АКШ президенти өзү Кариб деңизинде мунай танкеринин конфискацияланганын жарыялагандан кийин анык болгон бул ачык уурулук жана эл аралык пираттык актысын катуу айыптайт жана четке какканы тууралуу билдирет. Боливар өкмөтү бул оор эл аралык кылмышты тиешелүү бардык эл аралык органдарга өткөрөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Венесуэла ТИМи АКШ президенти Дональд Трамптын сөздөрүнө көңүл бурду.

«Бул — президенттин биринчи жолу мойнуна алышы эмес. 2024-жылдагы шайлоо өнөктүгүндө ал Венесуэла мунайынын акысыз өздөштүрүлөрүн ачык айткан», — деп белгиленет билдирүүдө.

Министрликтин маалыматы боюнча, өлкөгө карата душмандык саясат — энергетикалык ресурстарды өзүнө алуу максатын көздөгөн алдын ала пландаштырылган стратегия.

«Венесуэлага каршы узакка созулган агрессиянын чыныгы себептери толук ачыкка чыкты. Маселе миграцияда, маңзат соодасында, демократияда же адам укуктарында эмес. Маселе ар дайым биздин жаратылыш ресурстарыбызда, биздин мунайда, биздин энергияда жана Венесуэла элине гана таандык байлыктарда болуп келген», — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик Венесуэла өз байлыктарын тонотууга эч качан жол бербесин белгиледи

Последние новости