www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венесуэлада бир айдан бери болуп келе жаткан өкмөткө каршы кыймылдарда 2 кишинин каза болушу менен каза болгон кишилердин саны 39га жетти.

Мерида аймагында 8 -  майдагы митингдерде жараланган 32 жаштагы Андерсон Энрику Дугарте кечээ дарыналып жаткан ооруканада каза болду. Дугартенин өлүмүн ички иштер министрлиги да ырастады.

Борбор шаар Каракста кечээ болгон митингдерде болсо 27 жаштагы митингчи Мигуэль Кастиллонун каза болгондугу билдирилди. Бүгүн оппозиция Кастилло үчүн көчөлөргө чыкты.

Мамлекет башчысы Николас Мадурого каршы чыккан митингдер болсо болгон күчү менен улантылууда. Митингге чыккандар полициянын кийлигишүүсүнө суу шишелери жана кум баштыктарын ыргытуу менен каршылык көрсөттү.

Тажхира аймагынын губернатору Хосе Виельма Мора кечээ митингге чыккандардын колдо жасалган граната менен эл ташыган унаага кол салгандыгын жарыялады.

Мора кол салууда үч кишинин жаралангандыгын жана жаралуулардан 61 жаштагы Лоренза Хигуеранын белден жогору жагында экинчи даражада күйүктөрдүн болгондугун айтты.

Оппозициянын алдыңкы ысымдарынан Хосе Оливарес болсо болгондордун себебинин коопсуздук күчтөрүнүн катуу кийлигишүүсү болгондугун белгиледи. Ошол эле учурда өкмөт жактоочулары да Мадурого колдо берүү үчүн чогулушту.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости